Президент Жапаров Кыргызстан тышкы саясатта тең салмактуулукту карманарын билдирди

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Октябрь, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров дүйнөдө коопсуздукка жаңы коркунучтар, чакырыктар пайда болгонун, эл аралык институттардын жана эл аралык укуктун ролунун алсызданганы байкалганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчынын бүгүн, 24-октябрда дипломатия тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаган билдирүүсүндө айтылат.

Анда Жапаров азыркы татаал геосаясий кырдаал эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштарга олуттуу таасирин тийгизип жаткан учурда Кыргызстан дайымкыдай көз карандысыз, ырааттуу жана тең салмактуу тышкы саясатты карманарын билдирди.

Президент дүйнөлүк аренада улуттук кызыкчылыктарды коргоого күч-аракетин багыттуу жумшоосундагы негизги роль - дипломатиялык кызмат органдарына жүктөлгөнүн белгиледи.

"Дипломаттардын аракети менен өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө, анын коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууга жагымдуу шарттар түзүлүп жатат. Улуттук кызыкчылыктарды татыктуу жактап, өлкөнүн эл аралык аброюн чыңдоого зор салым кошуп, Кыргызстандын эл аралык демилгелерин илгерилетип, чет өлкөлөрдөгү мекендештерибиздин укуктары менен кызыкчылыктары үчүн талыкпай эмгектенип келесиздер", - деди Садыр Жапаров.

24-октябрь Кыргызстанда дипломатия кызматкерлеринин кесиптик майрамы катары белгиленип келет.(ZKo)

Дагы караңыз

Кемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыктыШойгу Украинаны "ыплас бомба менен чагым кылышы мүмкүн" деп айыптадыАкыйкатчы кармалган саясатчылардын жана активисттердин укуктары сакталышын талап кылды Жумаш Дурусалиевдин Копенгагендеги концертиОрусияда ок-дары заводунда чыккан өрттөн үч адам көз жумдуУкраина: Энергетикага сокку, Херсондо эвакуация күчөдү