Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:31

Шойгу Украинаны "ыплас бомба менен чагым кылышы мүмкүн" деп айыптады


Сергей Шойгу.
Сергей Шойгу.

23-октябрда Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу АКШнын коргоо министри Ллойд Остин жана НАТОго мүчө үч өлкөнүн: Түркиянын, Британиянын жана Франциянын коргоо министрлери менен сүйлөштү. Орусиянын Коргоо министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, Шойгу сүйлөшүүлөрдө Украина "ыплас бомбаны" (радиоактивдүү материал менен дүрмөктөлгөн кыргын салуучу) колдонуу менен чагым кылышы ыктымал экенине" кабатырлыгын айтты. Бирок өзүнүн болжолдуу кооптонуусун тастыктоочу эч кандай далил келтирген жок жана кошумча маалымат берген жок.

Ушундан улам Батыш өлкөлөрү Шойгунун бул айтканын орусиялык эскалацияга шылтоо катары дароо четке какты. Ал эми батыш аналитиктери Москва Киевди айыптоо үчүн алдын ала “жалган желек” операциясын даярдап жатышы ыктымал деп божомолдоодо.

Украин бийлиги Шойгу айткан "ыплас бомбасы" жоктугун, андай куралды колдонуу ниети да жоктугун билдирди. Өлкөнүн тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба орус тараптын бул билдирүүсүн "кооптуу жана акылга сыйгыс" деп сыпаттады.

Президент Владимир Зеленский Европада өзөктүк курал колдонуу жөнүндө Орусиянын президенти Владимир Путинден бөлөк эч ким ойлобой турганын билдирди.

23-сентябрда орусиялык РИА "Новости" агенттиги "Киев Украинада "ыплас бомба" менен чагым даярдап жатат" деген аталышта макала жарыялаган.

XS
SM
MD
LG