Ошто каналдан үч жаштагы кыздын сөөгү табылды

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарындагы Керме-Тоо айылында үч жаштагы кыз каналга түшүп кетип, каза болду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, 23-октябрда саат 20:21де милицияга маалымат түшкөн.

Кызды издөөгө Ички иштер министрлигинин беш кызматкер, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төрт куткаруучусу жана 25 жергиликтүү тургун тартылып, наристенин сөөгү суудан табылган.

Учурда кыздын өлүмүнүн себептери такталууда.

Ош шаардык милициясы 1-июлда Ош-Араван каналынан 27 жаштагы жарандын сөөгү табылганын билдирген. Андан бир күн мурда, 30-июнда Ош мамлекеттик университетте 2-курстагы студент кыздын сөөгү табылган. (ZKo)

Дагы караңыз

Өзгөндө жер титиредиКемпир-Абад иши: дагы үч киши үй камагына чыктыШойгу Украинаны "ыплас бомба менен чагым кылышы мүмкүн" деп айыптадыАкыйкатчы кармалган саясатчылардын жана активисттердин укуктары сакталышын талап кылды Борис Жонсон премьер-министрликке ат салышпай турганын билдирди