Парламенттин бир нече депутаты активисттердин кармалышын сындап чыкты

Парламент жыйыны. Архив сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев, Тазабек Икрамов, Исхак Масалиев, Дастан Бекешев саясатчы, активисттердин үйүн тинтип, кармоону кескин сындап чыкты. Депутат Жанар Акаев эркин пикирин айткан жарандарды кармалышын айыптап, бийлик, милиция жетекчилерин аларды бошотууга чакырды.

“Бүгүнкү камоолор акылга сыйгыс көрүнүш, милиция жарандык активисттерди, саясатчыларды, блогерлерди, баарын тез арада бошотсун. Бул өтүнүч эмес, талап. Мыйзамды одоно бузбагыла", - деди Акаев.

Депутат Тазабек Икрамов Фейсбук баракчасында “саясий кысымга алуу, үйүн тинтүү коомдун активдүү катмары менен бийлик ортосундагы ачык диалог болуусуна кедергисин тийгизет жана өлкөдөгү саясий-социалдык кырдаалдын курчушуна алып келет” деп жазды.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов оппозициялык саясатчы, активисттердин үйү тинтилип жатканы боюнча видео билдирүүсүн Фейсбуктагы баракчасында жайгаштырды. Анда Байсалов күч органдарынан тергөөнүн жыйынтыгын күтүү керек экенин айтып, өлкөдө демократиянын принциптери менен шайланган президент, парламент мыйзамдуу иш алып барып жатканын белгилеген. Ошондой эле элди бийлик жетекчилеринин чечимдерин колдоого чакырган.

23-октябрда эртең менен бир нече оппозициялык саясатчы, жарандык активисттердин үйүн милиция тинтүүгө алып, айрымдары милицияга жеткирилди.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Милиция атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым адамдардын массалык башаламандыктарды уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын билдирүүдө. ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова жалпы 18 активист, саясатчынын үйү тинтилип, айрымдары милицияда сурак берип жатканын кабарлоодо. Социалдык тармактарда укук коргоочулар учурда саясатчы Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева активисттер Рита Карасартова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро 48 саатка кармалганын жазып жатышат. Бирок бул маалымат расмий ырастала элек.

22-октябрда Равшан Жээнбеков 15-октябрда Өзгөндө өткөн Курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзүшкөнүн маалымдаган. Анын алдында Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу жөө жүрүш өткөн.

22-октябрда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, анда кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берген. Жапаров Кемпир-Абад суу сактагычынын айланасындагы маселелерге кеңири токтолуп, чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирген. Жапаров келишимдер Жогорку Кеңеште ачык караларын айтып, андан кийин элдин 99% келишимди колдой турганына ишенерин билдирди. Жөө жүрүш, митингдерди кимдер атайын уюштуруп жатканын билерин белгилеген. (TSh)

Дагы караңыз

Байсалов активисттердин суракка чакырылышы боюнча билдирүү жасадыОрусия Украинанын энергетикалык объектилерине кайрадан сокку урдуИркутск шаарында аскердик учак эки кабаттуу үйдүн үстүнө кыйрап түштүАкыйкатчы cаясатчылардын кармалышы боюнча парламент спикери менен жолуктуКытайдын төрагасы Си Цзинпин үчүнчү мөөнөткө шайланды