Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:42

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин үчүнчү мөөнөткө шайланды


Си Цзиньпин.
Си Цзиньпин.

Жекшембиде Кытайдын башкаруучу саясий партиясы - Кытай Коммунисттик партиясынын ХХ курултайы жыйынтыкталды. Курултай Си Цзинпинди башкы катчылык кызматка кайра шайлады. Бул анын үчүнчү мөөнөтү болмокчу.

Ошондой эле курултай партиянын Борбордук комитетинин жаңы курамын бекитти. Саясий бюронун Туруктуу комитетинин мурдагы жети мүчөсүнүн төртөө кайра тандалган жок. Алардын арасында Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян дагы бар. Азыркы лидер Си Цзинпин сүйлөөр алдында Кытайдын мурдагы лидери Ху Цзинтао залдан чыгарылды. Бээжин тараткан расмий маалыматта мурдагы төрага өзүн жаман сезип, ошондон улам жардамчыларынын көмөгү менен жыйындан чыгып кеткени айтылат.

Курултайдагы эки саатка созулган докладында Си Цзинпин Кытайдын 2035-жылга чейинки өнүгүүсү боюнча өзүнүн пландары тууралуу айткан. Ал экономиканы өнүктүрүү, билим берүү, өндүрүштү модернизациялоо жана "жашыл" энергетикага өтүү тууралуу сөз кылган. Си Цзинпин өз баяндамасында Кытай Тайван менен тынчтык жолу менен биригүүгө умтуларын, бирок зарыл болсо күч колдонууга даяр экенин баса белгилеген.

Өлкө аймагынан чогулган 2300 делегаттын жыйыны Тяньаньмэнь аянтынын батышында күчөтүлгөн коопсуздук шарттарында өттү.

69 жаштагы Си Цзинпин бийликте он жылдан бери отурат. Мурдараак Конституциядан эки гана мөөнөткө шайлануу чегин алып салышкан. (AbA)

XS
SM
MD
LG