Баткенди калыбына келтирүүгө бюджеттен 100 млн. сом которулду

Чек арадагы талкаланган үй. Баткен. Сентябрь, 2022-жыл.

Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдагандай, 21-октябрга карата Баткен облусундагы жергиликтүү элди колдоого жана турак жайларды калыбына келтирүүгө мамлекеттик бюджеттен 100 млн. сом которулду. Мындан тышкары чек ара аймактарына 110 млн. сом берилди.

Ал эми Баткенге жардам берүү максатында ачылган атайын эсептен 84 млн. сом которулган.

Финансы министринин биринчи орун басары Руслан Сүйналиевдин маалыматына караганда, бул каражат кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалда жабыркаган тургундарга ыкчам жардам көрсөтүү үчүн Министрлер кабинетинин токтомуна жана буйругуна ылайык берилүүдө.

"Быйылкы жылга Баткен облусуна жалпы бекитилген бюджет 4 миллиард. 197 миллион сомду түзгөн. Ага ылайык, быйыл сентябрь айынан тартып өнүктүрүү программасынын алкагында Баткен облусуна 500 млн. сом бекитилген.
Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин буйругунун негизинде капиталдык салымдардын көлөмү 3 миллиард сомго көбөйтүлгөн. Бүгүнкү күндө Финансы министрлиги тарабынан 1 млрд. сом бөлүндү",- деди Сүйналиев.

Министрликтин маалыматына ылайык, бөлүнгөн каражаттын баарын президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тескейт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы куралдуу кагылыштан кийин Баткен облусунун айылдарын калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүнө сын-пикирлер айтылган. 19-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева өкмөт “Баткен облусунун макамы жөнүндө” мыйзамды да аткарбай жатат деп сындаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы куралдуу кагылышууда Кыргызстандын 63 жараны мерт болгонун расмий кабарланган. Анын 48и аскер кызматкери, 15и жергиликтүү жай тургундар. Андан тышкары 206 киши ар кандай жаракат алды. Анын 145и жоокерлер, 60ы жай тургундар.

14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Кыргызстандын айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калган, 238 үйдү оңдоого муктаж.

Ошондой эле 14 мектеп, беш саламаттыкты сактоо объектилери, 15 административдик, стратегиялык объектилер, бир көпүрө, 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер, 337 мал сарай жана 61 автоунаа талкаланып, өрттөлгөн.

"Озоди" радиосу жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип жаңжалда тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Дүйшөмбү кыйроолор тууралуу расмий билдирүү жасай элек.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза болуп, 200дөйү жаракат алганын кабарлаган. "Озоди" өз булактарына таянып каза тапты делген 81 кишинин тизмесин жарыялады. Көз карандысыз башка булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.(ZKo)

Дагы караңыз

"Эйр Манастын" жаңы учагы Орусияга каршы санкциялардан улам учпай туратБекназаров УКМКга кирип чыкканын айтты Кыргызстандын дагы эки банкы “Мир” картасын тейлөөнү токтоттуКыргыз-тажик чек арасындагы чыңалуунун жаңы толкунуАкылбек Жапаров ЕАЭБ ички соодадагы тоскоолдуктарды жоюшу керектигин айттыОрусия: мигранттарга көзөмөл күчөп, рейддер башталат