Кыргызстанда адам укуктарын, сөз эркиндигин коргоо жаатында иш алып барган алты уюм камактагы активист Ырыс Жекшеналиев боюнча өлкөнүн президентине, Жогорку сот, Башкы прокуратура, Ички иштер министрлигине кайрылуу жолдошту. Анда укук коргоочулар бийликти Жекшеналиевди бошотуп, ага козголгон кылмыш ишин толугу менен токтотууга чакырышкан.
"Жарандык кеңеш" бирикмеси, Кылым шамы", укук коргоо уюму, "Смарт Жаран" бирлиги, "Адилет" укуктук клиникасы, "Институт Медиа Полиси" жана "Жарандык демилге" коомдук фонддору кол койгон кайрылууда активисттин иши толугу менен саясий мүнөзгө ээ экени белгиленген.
"Ырыстын окуясы коомго белгилүү окуя болуп калды. Бул бүтүндөй сот жана укук коргоо системасына болгон мамилени калыптандырат. Ушул сыяктуу ойдон чыгарылган айыптоолор бийликке болгон ишенимдин деңгээлин төмөндөтүүдө. Ырыска козголгон кылмыш иши жана башка ушул сыяктуу иштер коомчулукта нааразычылыктын күчөшүнө өбөлгө болууда", - деп жазылган кайрылууда.
Укук коргоочулар Баш прокурорду ушул сыяктуу иштер боюнча чечим чыгарган жетекчилерге укуктук баа берүүгө, президентти Конституциянын кепили катары башка коз карашта болгон жарандарга карата тартип коргоо органдары тарабынан куугунтуктоону жана басым жасоону токтотууна чакырган.
10-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук соту №1 тергөө абагында камакта отурган блогер жана активист Ырыс Жекшеналиевдин абактагы мөөнөтүн дагы эки айга - 14-декабрга чейин узарткан. Сот анын ден соолугуна байланыштуу даттануусун четке каккан.
Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.
Активистке каршы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш иши козголгон.
Жекшеналиев эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келет. Ал саламаттыгы начарлаганына байланыштуу бир нече жолу медициналык текшерүүдөн өткөрүлгөн. Доктурлар анын ден соолугу жакшы эмес деп айтышканын тарапкерлери билдиришкен. (КЕ)
Дагы караңыз
Аба ырайы: күн ачык болотУКМК суу жээктерине көп кабаттуу үй курууга уруксат берген аткаминерди кармадыПарламентте kg.taxi кызматын уюштуруу сунушу айтылды