Учак кулаган Ейск району үч күндүк аза күтүүдө

Издөө-куткаруу иштеринин жүрүшү.

Орусиянын Краснодар крайындагы Ейск шаарында турак жайга аскердик учак кулаганда каза тапкандардын саны 15ке жетти. Курман болгондордун үчөө - балдар. Дагы 19 киши жараат алган, алардын төртөө реанимацияда жатат. Издөө-куткаруу иштери аяктады.

Ейск районунда 17-октябрдан 19-октябрга чейин аза күтүү жарыяланган.

Кыйраган көп кабаттуу үйдү калыбына келтирүү чечими азырынча кабыл алына элек. 675 киши жашаган турак жайдын 72 батири зыян тартты.

17-октябрда аскердик Су-34 учагы машыгуу учурунда көп кабаттуу үйгө кулаганын Орусиянын Коргоо министрлиги ырастаган. Парашют менен секирип кетүүгө үлгүргөн учкучтар учактын бир кыймылдаткычы күйүп кеткендиктен, кырсык болгонун айтышкан.

Окуянын чоо-жайы тергелип, иликтенип жатат.

Дагы караңыз

Калың түшкөн кардан улам Кубакы ашуусу убактылуу жабылдыЗеленский Украинанын Казакстандагы элчисин кызматтан алды Элмирбек Иманалиевдин буюмдары тарых музейине тапшырылды