Министр Бекболотов: Кыргызстан Беларустан абадан коргонуу комплексин сатып алат

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов.

Кыргызстандын коргоо министрлиги 2021-жылдан бери Беларустун "БелТехЭкспорт" ишканасы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, абадагы соккудан коргонуучу "Печора 2БМ" зениттик-ракеталык комплексин сатып алууга келишим түзгөн. Комплекс октябрдын аягында Кыргызстанга жеткирилип, Баткен облусунун аймагына жайгаштырылат. Бул тууралуу коргоо министри Бактыбек Бекболотов 19-октябрдагы маалымат жыйынында билдирди. Министр канча комплекс алынары тууралуу так айткан жок.

"Печора 2БМ" системасы мурдагы С-125 комплексинин базасында заманбап технологиялар менен жасалган.

Коргоо министри ошондой эле соцтармактардагы Кыргызстанда жасалып жатканы айтылган "Шумкар" жана "Саара" дрондору тууралуу да суроолорго жооп берип, маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.

"Мындай аппараттар массалык кыргын салчу куралдарга кирбейт, аларды ар кайсы жертөлөдө ар ким жасай бериши мүмкүн. Аны аскер формасынын өңүнө түспөлдөштүрүп коюп, абага кое беришти. Мен аскер адамы катары эч нерсе айта албайм", - деди Бекболотов.

Буга чейин соцтармактарда Кыргызстанда "Шумкар" жана "Саара" деп аталган аскердик учкучсуз дрондор жасала баштаганы тууралуу маалымат тараган. (ZKo)

Дагы караңыз

Иран Орусияга учкучсуз дрондорду берүүгө макул болду"Ичиңди ким бирөөгө мүрзө кылба": Динар акындын ак ырларыЗеленский Орусия учкучсуз учактар үчүн Тегеранга баш ийгенин айттыКооптуу берене менен козголгон иштер Фейктер жөнүндөгү мыйзам алкагында сегиз кайрылуу каралды