Орусиянын футбол курамасынын мурдагы оюнчусу Дмитрий Хохлов Фейсбукту сотко берип, доого жыкты. Москванын соту компанияны футболчуга 65 млн. рубль төлөп берүүгө жана бир ай ичинде Хохлов деген фамилия менен билдирүүлөрдүн баарын бөгөттөн чыгарууга милдеттендирди.
Фейсбук "кастыктын тилин" жайылтууга каршы чаранын алкагында Хохловдун фамилиясын башка улутту кемсинтүү деп кабыл алып, анын постторун бир нече жолу бөгөттөгөндөн кийин футболчу сотко берген.
Meta компаниясы Москванын Солнцевски сотунун бул чечимин аткарабы же жокпу белгисиз. Америкалык компания комментарий берген жок.
Дагы караңыз
Кыргызстанда дагы 400 мектепте ысык тамак уюштуруу каралуудаАКШнын аскердик делегациясы Баткенге бардыКемпир-Абад боюнча курултайга катышкан эки адам милицияга чакыртылганы маалым болду"Ичиңди ким бирөөгө мүрзө кылба": Динар акындын ак ырларыЭркин медиага каршы акциядагы билдирүүлөр боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалды