Кыргызстанда дагы 400 мектепте ысык тамак уюштуруу каралууда

Башталгыч класстын окуучулары. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы 1735 мектепте башталгыч класстардын окуучулары үчүн бир маал ысык тамак берилет. Мунун ичинен 638 мектеп БУУнун Азык-түлүк программасынын алкагындагы долбоордон каржыланса, "Мерсико" компаниясы 510 мектептеги балдардын ысык тамагын уюштурууну моюнуна алган.

Билим берүү жана илим министрлиги быйылкы окуу жылында 62 мектепте ысык тамак бериле баштаганын, алар Орусиянын жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагындагы "Мектептеги тамакты оптималдаштыруу" долбоорунан каржыланып жатканын билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылга чейин кеминде 400 мектепте ысык тамак уюштуруу каралууда.

Июль айында Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда мектептердин саны 37ге көбөйүп, 2296дан 2333кө жеткенин маалымдаган. Аларда 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат.

Мектептин башталгыч класстарынын окуучуларына ысык тамак үчүн мамлекеттик бюджеттен 600 млн. сом бөлүнөт

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, башталгыч класстардын балдары көбөйүүдө. 2011-жылы 1-класска 110,3 миң бала барса, 2020-жылы 145 миң бала алгачкы жолу мектеп босогосун аттаган. 2022-жылы 1-класска 160 миңден ашуун бала барды.(ZKo)

Дагы караңыз

АКШнын аскердик делегациясы Баткенге бардыКемпир-Абад боюнча курултайга катышкан эки адам милицияга чакыртылганы маалым болдуЧоң-Алайда жер титиреди"Ичиңди ким бирөөгө мүрзө кылба": Динар акындын ак ырларыЭркин медиага каршы акциядагы билдирүүлөр боюнча лингвистикалык экспертиза дайындалды