Чоң-Алайда жер титиреди

Иллюстрациялык сүрөт.

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Шибээ, Карамык жана Кара-Тейит айылдарында күчү 2,5 баллды түзгөн силкинүү катталды. Жер титирөө 17-октябрь күнү, саат 21:37де катталганын Сейсмологиялык институт маалымдады.

Баштапкы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн жапа чеккендер жана кыйроолор жок.

Сейсмологдор силкинүүнүн күчү очогунда 3,5 баллга жеткенин билдиришүүдө.

2015-жылы ноябрда Оштун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айыл аймагында 172 үй жараксыз деп табылган. Силкинүүнүн очогу Чайчы кыштагында болгон. Мындан сырткары Алай, Өзгөн райондорундагы үйлөр да жабыркаган.

2008-жылы октябрда Алай районунун Нура айылында күчү сегиз баллга жеткен зилзаладан 75 киши набыт болуп, айыл толугу менен кыйраган.(ZKo)

Дагы караңыз

Орусиянын Ейск шаарында аскердик учак көп кабаттуу үйдүн жанына куладыКиевде абадан аткылоодон төрт адам мерт болдуИманкулов: Кыргызстандын ЖККУнун курамынан чыгуу ниети жок Кемпир-Абад: Айдарбеков комитет төрагалыгынан алынабы? Грузия орус жарандары үчүн "либералдуу виза режимин" өзгөртүшү ыктымалПолигондогу атышуу: тажикстандык мигрантка тагылган айып