Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:05

Иманкулов: Кыргызстандын ЖККУнун курамынан чыгуу ниети жок 


Марат Иманкулов.
Марат Иманкулов.

Кыргызстан Жаматтык коопсуздук келишим уюмунан (ЖККУ) чыгууну көздөбөйт, уюмга муктаждыгы бар. Бул тууралуу Коопсуздук кеңештин катчысы Марат Иманкулов бүгүн, 17-октябрда "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди. Иманкулов анда Кыргызстандын ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн “Бузулбас боордоштук” командалык-штабдык машыгууларын өткөрүүдөн баш тартуу себебин түшүндүрдү. Анын сөзүнө караганда, машыгуу сентябрь айындагы Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусуна байланыштуу өтпөй калды.

"Биз “Бузулбас боордоштук” командалык-штабдык машыгууларын өткөрүүгө 100% даяр элек. Бирок Баткендеги ондогон адамдын өмүрүн алган окуялардан соң, биз кырдаал чыңалып турганын эске алуу менен, аскердик машыгууну өткөрүүдөн баш тарттык. Кийинчерээк өтөт".

Марат Иманкулов бул кадамдан кийин коомчулукта Кыргызстан ЖККУ мүчөлүгүнөн чыгат деген пикирлер жаралганын айтып, аларды четке какты.

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Кыргызстанда боло турган кезектеги аскердик машыгуусу өтпөй турганы 9-октябрда белгилүү болгон.

Уюмдун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн “Бузулбас боордоштук” командалык-штабдык машыгуулары 10-14-октябрда Балыкчы шаарынын жанындагы “Эделвейс” полигонунда өтмөк.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.

Сентябрдын ортосунда Баткенде кыргыз-тажик чек арасында ондогон адамдын өмүрүн алган куралдуу жаңжал үчүн эки мамлекет бири-бирин аскердик агрессияга айыптап жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG