Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын күн батыш тарабында жайгашкан Арал капчыгайына эс алууга чыгып, дайынсыз болуп жаткан Орусиянын эки жараны аман-эсен табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, үч куткаруучу алар менен байланышып, тоодон алып түшүштү.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 15-октябрда эс алууга барган орусиялыктардын дайыны чыкпай жатканын маалымдаган.
Ишемби күнү капчыгайга куткаруучулар барып, эс алуучуларды табышкан эмес. Издөө иштери бүгүн, 16-октябрда дагы уланган. (КЕ)
Дагы караңыз
Тегеран Ирандагы толкундоолорго байланыштуу Байденди сындадыОрусия Украинанын шаарларына сокку урууну улантуудаӨКМ: Баткенде 4 миңдей жаран жашаган жерине кайта элекБелгород: ыктыярчыларды согушка даярдаган полигондогу атышууда 11 адам каза болду