Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарынын күн батыш тарабында жайгашкан Арал капчыгайына эс алууга чыгышкан Орусиянын эки жараны изделүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда,15-октябрда эс алууга барган орусиялыктардын дайыны чыкпай жатканы тууралуу маалымат түшкөн.
Капчыгайга куткаруучулар барып, эс алуучуларды табышкан эмес. Издөө иштери 16-октябрда уланып жатат.
Министрлик анын натыйжасы тууралуу кошумча маалымат берилерин кабарлады. (КЕ)
Дагы караңыз
Кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтор жолугуштуНарында токойду өрт чалдыКемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлмөй болдуАба ырайы: жаан жаабайт