Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

Нарында токойду өрт чалды


Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Куртка айыл өкмөтүнө тиешелүү токойдон өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алдын ала маалыматка караганда, куураган карагайлардан өрт чыккан.

Өрттү өчүрүүгө 15-октябрда 10 куткаруучу, Токой чарбасынан 13 кызматкер, жана айылдын 15 тургуну тартылган.

Министрлик өрттү өчүрүү аракеттери боюнча кошумча маалымат бериле турганын билдирди.

2021-жылы Кемин районундагы токойдон өрт чыккан.

Өрттүн аянты болжол менен 40 гектарды түзгөн.

Өткөн жылы өрттүн саны 30% өскөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG