Элчилик кыргыз жарандары мобилизацияга тартылбай турганын эскертти

Мобилизацияланган уулун согушка жиберип жаткан эне. Орусия. Сентябрь, 2022-жыл.

Орусиядагы кыргызстандык жарандар аскерге мобилизацияланбайт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги дагы бир ирет мекендештерине эскертип, эгерде кыргыз жаранына катачылык менен аскерге чакыруу келсе, элчиликке, консулдукка жана башка өкүлчүлүктөргө кайрылууга чакырды. Элчилик андай учурда кырдаалды Орусия тарап менен чогуу жөнгө салууга аракеттенет.

"Кыргызстандык жарандар чет мамлекеттин аймагында согушка чакырылышы мүмкүн эмес", - деп жазды элчилик.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги буга чейин Орусияда убактылуу иштеп, жашап жүргөн кыргызстандык жарандар чет өлкөлөрдөгү куралдуу кагылыштарга катышууга укугу жоктугун, бул мыйзам менен тыюу салынып, кылмыш жоопкерчилигине тартыларын маалымдаган.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизация жарыялаган. Коргоо министри Сергей Шойгу бул боюнча мамлекет башчынын жарлыгынын алкагында 300 миңдей резервисттер аскерге тартыларын айткан. "Новая газета. Европа" басылмасы жарлыктын жашыруун деп мүнөздөлгөн 7-пунктуна ылайык, 1 миллионго жакын адам мобилизацияга тартыларын жазды.

Путин мобилизация жарыялангандан бери орусиялыктар чет өлкөлөргө, анын ичинде Борбор Азияга агылууда.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусияда жарыяланган мобилизациялоо кимдерге тийиштүү экени тууралуу түшүндүрмө берген.(ZKo)

Дагы караңыз

Эркин медиага каршы митинг кимдин буюртмасы?Украина: Запорожье шаарына жасалган чабуул токтой элек Үч медиага каршы жүзүн жаап чыккандар ким?Жейми Флай “Азаттык” радиосуна каршы коркутууну иликтөөгө чакырдыАзиянын 28 өлкөсү кеңешмеде: көйгөй көп, кызыкчылык ар башкаЕврокеңештин парламенттик ассамблеясы Орусияны "террордук режим" деп тааныдыЖапаров, Путин жана Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкууладыМобилизацияга тартылган орусиялыктардын өлүмү