Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:59

Жапаров, Путин жана Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкуулады


Астана шаарындагы үч тараптуу жолугушуу. Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмон. 13-октябрь, 2022-жыл.
Астана шаарындагы үч тараптуу жолугушуу. Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмон. 13-октябрь, 2022-жыл.

Казакстандын борбору Астана шаарында бүгүн, 13-октябрда, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаровдун, Владимир Путин, Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болду.

Анда кыргыз-тажик чек ара маселеси талкууланганын Жапаровдун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, мамлекет башчысы орус президентине биргелешкен жолугушууну өткөрүү демилгеси, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек ара маселелеринде көмөк көрсөтүүгө даярдыгы үчүн ыраазычылык билдирген. Ошондой эле кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында түзүлгөн соңку кырдаалга кеңири токтолгон.

"Ал кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү зарылчылыгы боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманарын белгилеп, тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттерин эске салды. Жапаров ошондой эле Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу болгудай кылып тез арада калыптандырууга ынтызар экенин, бул туруктуулуктун жана ынак коңшулуктун кепили боло тургандыгын белгиледи", - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Жолугушууда сөздү Владимир Путин баштап, эки өлкө тең Орусиянын стратегиялык өнөктөшү экенин, эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташып жатышканын белгиледи.

Ошондой эле Кыргызстандын миллиондой, Тажикстандын 2 млн. жараны Орусияда окуп, иштеп жатканын айтып, бардык багыттар боюнча жакын байланыштар бар экенин айтты. Өлкөлөр ортосунда соода алмашуунун көлөмү көбөйүп жатканын жана анын өнүгүшүнө кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле үч тараптуу сүйлөшүүдө таңуулаган жагдай жок экенин, бирок жолугушуу жогорку мааниге ээ экенин кошумчалады.

Сүйлөшүүлөрдүн калган бөлүгү жабык форматта өттү. Башка маалымат айтылган жок.

Биргелешкен жолугушуу Путиндин демилгеси менен уюштурулган.

Бул - Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин чек арадагы ондогон адамдын өмүрүн алган соңку куралдуу кагылыштан кийинки алгачкы жолугушуусу. Анда Жапаров менен Рахмон кол алышып учурашкан жок.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган.

Дүйшөмбү айыпты Бишкекке оодарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG