Кыргызстан көмүр экспорттоого убактылуу тыюу салат

Кыргызстанда 17-октябрдан баштап көмүрдү экспорттоого убактылуу тыюу салынат.

Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 13-октябрдагы маалымат жыйында билдирди.

Мындай чечим өлкөдө көмүргө болгон суроо-талап көп болгондугуна байланыштуу кабыл алынууда.

Ибраев Бишкек Жылуулук электр станциясына көмүр сатып алуу боюнча тендер жарыялоого үлгүрө электигин, ошол себептүү "Электр станциялары ишканасы Казакстандан 400 миң тонна көмүр сатып алуу боюнча келишимге кол койгонун белгиледи.

Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБинде 242 миң тонна көмүр камдалган. Былтыр ушул маалда 251 миң тонна көмүр түшүрүлгөн.

Ибраевдин маалыматына караганда, Кыргызстандын энергетикалык объектилери жылуулук сезонуна 1-ноябрга карата даяр болуп калат. Бүгүнкү күндө иштин 90% бүтүп калды.

Быйыл энергетика тармагын өнүктүрүүгө 12 млрд. сом бөлүнгөнүн, каражат тармакта башталган реформаларды аягына чыгарууга жумшаларын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 3-октябрда калкты 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча кеңешмеде билдирген. (КЕ)

Дагы караңыз

Путин менен Эрдогандын жолугушуусунда украин согушу талкууланбаганы айтылды Астанада Жапаров, Путин жана Рахмондун жолугушуусу өттүWWF: адамдын ишмердиги жапайы жаныбарлардын азайышына алып келди Тажик прокуратурасы дагы бир блогерди узак мөөнөткө кесүүнү сурады