Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:00

WWF: адамдын ишмердиги жапайы жаныбарлардын азайышына алып келди


1970-жылдан бери адам баласынын ишмердиги дүйнө жүзүндө жапайы жаныбарлардын түрлөрүнүн 69 пайызга азайышына алып келди.

Мындай маалымат Жапайы жаратылыш фондунун (WWF) отчетуна камтылган. Эң чоң кыскаруу - 94 пайыз Латын Америкасында катталган. Амазониядагы тропикалык токойлордун кыйылышы менен ал жакты байырлаган организмдер да жок болду, бак-дарактар миллиарддаган тонна көмүр кычкыл газын сиңирип алып, абанын ысышы менен да күрөшүүгө жардам берчү.

Окумуштуулар жаныбарлардын жок болуп кетүүсүнө адамдын айыл чарба ишмердиги салым кошконун белгилешет. Эмне дегенде барган сайын адам баласы көбүрөөк аянттарды азык-түлүк үчүн иштетип жатат. Муну менен жаныбарлардын көнүмүш чөйрөсү бузулууда.

Адистердин айтымында, азыркы көрүнүш динозаврлар жок болуп кеткенден бери жапайы жаныбарларын ири массалык кырылуусу.

XS
SM
MD
LG