Казакстандын борбору Астана шаарында 13-октябрда Кыргызстан, Орусия, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу башталды. Анда сөздү Владимир Путин баштап, эки өлкө тең Орусиянын стратегиялык өнөктөшү экенин, эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташып жатышканын белгиледи.
Ал үч тараптуу сүйлөшүүдө таңуулаган жагдай жок экенин, бирок жолугушуу жогорку мааниге ээ экенин кошумчалады.
Сүйлөшүүлөрдүн калган бөлүгү жабык форматта өтүп жатат.
Жолугушуу Астанадагы эл аралык жыйындардын алкагында болуп жатат.
Бул Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин чек арадагы ондогон адамдын өмүрүн алган соңку куралдуу кагылыштан кийинки алгачкы жолугушуусу.
16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган.
Дүйшөмбү кайра айыпты Бишкекке оодарган. (КЕ)
Дагы караңыз
WWF: адамдын ишмердиги жапайы жаныбарлардын азайышына алып келди Тажик прокуратурасы дагы бир блогерди узак мөөнөткө кесүүнү сурадыАлматы тургуну Путиндин Казакстанга сапарын сындаган видео үчүн кармалдыУлуттук банк Баткенде жабыркагандардын насыясын кечүүгө чакырды