13-октябрда Казакстандын борбору Астана шаарында Кыргызстан, Орусия, Тажикстандын президенттери Садыр Жапаров, Владимир Путин жана Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өттү. Жолугушууда кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал жабык талкууланды.
Жабык эшик артындагы жолугушуу тууралуу президенттин сайты учкай маалымат берди. Анда Садыр Жапаров чек арадагы кырдаалга кеңири токтолуп, "тажик тараптын куралдуу агрессиясынын кесепеттери тууралуу эске салганы" айтылды. Президент Жапаров кыргыз тарап талаштуу маселелерди тынчтык жолу жана саясий-дипломатиялык ыкмалар менен гана чечүү боюнча өзгөрүүсүз позицияны карманаарын билдирген.
"Президент Садыр Жапаров ошондой эле Кыргызстан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгын эки тарапка тең пайдалуу болгудай кылып тез арада калыптандырууга ынтызар экенин, бул туруктуулуктун жана ынак коңшулуктун кепили боло тургандыгын белгиледи", - деп айтылат расмий маалыматта.
Жолугушуунун башында Владимир Путин кыскача сөз сүйлөп, эки өлкө тең Орусиянын стратегиялык өнөктөшү экенин, эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташып жатышканын белгиледи.
Ошондой эле Кыргызстандын бир миллиондой, Тажикстандын 2 млн. жараны Орусияда окуп, иштеп жатканын айтып, бардык багыттар боюнча жакын байланыштар бар экенин айтты. Өлкөлөр ортосунда соода алмашуунун көлөмү көбөйүп жатканын жана анын өнүгүшүнө кызыктар экенин белгиледи. Ошондой эле үч тараптуу сүйлөшүүдө таңуулаган жагдай жок экенин, бирок жолугушуу жогорку мааниге ээ экенин кошумчалады.
Жолугушуу тууралуу Тажикстан расмий маалымат бере элек.
Мунун алдында Кыргызстандын президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев бул жолугушуу Орусия президенти Владимир Путиндин демилгеси менен өтүп жатканын билдирген.
Казакстан баш калаасы Астанада Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммити өттү. Мындан сырткары КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына жана "Борбор Азия + Орусия" мамлекет башчыларынын саммити болот.
14-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга эки мамлекет тең бири-бирин агрессияга айыптап келет. 20-сентябрда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын трибунасынан чек арадагы окуяны "масштабдуу аскердик кагылышуу" деп атап, Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптаган. Коңшу өлкө менен дипломатиялык жол аркылуу сүйлөшүүгө мүмкүн болбой калганын айтып, БУУ, ЕККУ жана ЖККУ сыяктуу эл аралык аянтчада сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген.
Дагы караңыз Апта: Кемпир-Абад көйгөйү, Путиндин Рахмонго белегиЭл аралык маселелер боюнча эксперт Чынара Эсенгул чек ара боюнча маселелер ортомчу тараптын катышуусунда каралганда бейтарап аянтчада болушу маанилүү дейт.
"Жаңжалдашып жаткан тараптар үчүн маселени сүйлөшүп чечүү маанилүү. Мындай маанайды ар дайым кубатташыбыз керек. Ошол эле маалда үчүнчү тарап болгон Орусиянын ролу канчалык нейтралдуу болот, маселе ушунда. Орусия былтыр дагы, быйыл да Тажикстанды колдогонун баарыбыз түшүнүп турабыз. Ошол себептүү бул сүйлөшүүдө кыргыз тарап дипломатиялык чеберчилигин көрсөтүшү керек болот. Мындай сүйлөшүүлөрдөн качпашыбыз керек".
Орусиянын президенти Владимир Путин 4-октябрда тажик президенти Эмомали Рахмонду "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы ордени менен сыйлаган. Сыйлык "Орусия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине жана шериктештикке кошкон чоң салымы жана аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн" берилгени жарлыкта жазылган. Бул окуя кыргыз коомчулугунда да кызуу талкууланып, чек арадагы жаңжалдан көп өтпөй Рахмондун сыйлык алганын сындап, Путиндин дарегине да нааразылыктар айтылган.
Андан кийин 7-октябрда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында КМШга мүчө өлкөлөрдүн бейрасмий саммити өткөн. Владимир Путиндин 70 жылдык мааракесине арналган иш-чарага президент Садыр Жапаров катышкан эмес. Муну анын администрациясы президенттин иш графигинин толо экени менен байланыштырып, анын куттуктоосун мамлекеттик катчы жеткире турганын түшүндүргөн.
Дагы караңыз Жапаров Путиндин мааракесине барган жокКыргызстан 10-октябрда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун тынчтык күчтөрүнүн "Бузулбас достук" аскердик машыгуусун өткөрүүдөн баш тартты. Муну министрлер кабинетинин төрага орун басары Эдил Байсалов уюмга байланыштуу маселе эмес экенин, чек арадагы жаңжалдан кийин коомдогу пикир эске алынганын түшүндүргөн. Бул машыгуу Тажикстанда өтмөй болуп, бирок ага Кыргызстан катышпай турганын жарыялаган.
Астанадагы жолугушуу сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан кийин эки мамлекет башчыларынын алгачкы сүйлөшүүсү болот. Кыргызстандын коопсуздук боюнча мурдагы вице-премьер-министри Токон Мамытов Орусия ЖККУга мүчө эки мамлекеттин ортосундагы маселенин чечилишине кызыкдар дейт.
"Уюмга мүчө эки өлкөнүн ортосундагы документтерди, келишим, ратификацияларды күтпөй эле президенттер менен жолугушууну демилгелеген окшойт. Эки мамлекет башчысы менен ачык сүйлөшүү жүргүзөт деп ойлойм. "Болору болду, эми мындан ары согуш болбосун, коңшу өлкөлөр, бир уюмдун мүчөлөрү кагылышпасын" деп тараптардын талаптарын угат болушу керек. Менимче, биринчи кезекте мындан ары эки мамлекет ортосунда урушту болтурбоону макулдашышат".
Ал арада 12-октябрда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев социалдык тармактагы баракчасына Түркиядагы "Байкар" учкучсуз аскердик техникаларды чыгарган заводдо түшкөн сүрөтүн жарыялап, "Акынжы" техникасы биздики деген билдирүү жазган. Атайын кызмат бул боюнча түшүндүрмө берген эмес.
Токон Мамытов бул аракет эки мамлекеттин ортосундагы сүйлөшүүлөргө тоскоол болбой турганын, аскердик жактан күчтөнүүсү учурдун талабы деген ойдо.
Быйыл сентябрдын ортосунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында ондогон адамдын өмүрү кыйылган. Бул үчүн эки мамлекет бирин-бири аскердик агрессияга айыптап жатат. Кыргызстан 63 жаранынан ажырап, 200дөн ашыгы жараат алган, чек аралаш айылдарда жүздөгөн үйлөр, социалдык объектилер талкаланган.
Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып 81 кишинин тизмесин жарыялаган. Бирок маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.
Дагы караңыз Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар кантип курчуган?