Украинанын Николаев шаары аткыланып, беш кабат үй талкаланды

Николаев шаары. 13-октябрь, 2022-жыл.

Бейшембиге караган түнү Украинанын Николаев шаары аткыланганда беш кабат үй талкаланды. Бул тууралуу мэр Александр Сенкевич билдирди. Анын айтымында, турак жайдын эки кабаты урап калды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, урандылар астында бир нече киши кала берүүдө. Куткаруучулар 11 жаштагы баланы тирүү алып чыгышты.

Украин президенти Владимир Зеленский дүрмөт тийген үйдүн видеосун чыгарып, Орусияны тынч жарандарга каршы террор үчүн кайрадан айыптады.

Түн ичинде ошондой эле орус аскерлери Киев облусундагы объектилерге сокку урушту. Украин бийлиги Иранда чыгарылган дрондор колдонулганын маалымдады. Макаров шаарынын жанында инфраструктура талкаланганы кабарланды. Каза тапкандар тууралуу азырынча белгисиз.

Днепропетровск облусунун жергиликтүү бийлиги орус армиясынын аткылоосунан бир киши жарадар болгонун, турак жайларга, оорукана, музейге зыян келтирилгенин маалымдады.

Кармаштар Донецк облусунда да уланууда.

Дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү Орусия украин аймагын ракеталардан жапырт аткылыган. Алар негизинен энергетика объектилерин бутага алган. Шаршембиде чабуулдар бир аз басаңдаган.

Дагы караңыз

БУУда Орусиянын Украинанын аймактарын “мыйзамсыз аннексиялоосун” айыптадыДепутат Самыйкожо: Сөз эркиндигин чектөөгө шымалангандар барТемир Сариев: "Азаттыкка" сындан корккондор асылып жататАялдар абагына катарлаш жоокерлер үчүн казарма курулду