Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:34

Аялдар абагына катарлаш жоокерлер үчүн казарма курулду


Аялдар абагынын жанындагы казарма. Степное айылы.
Аялдар абагынын жанындагы казарма. Степное айылы.

Степное айылындагы аялдар абагынын жанына Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жоокерлери үчүн казарма курулду.

Казарманын ачылышына ЖАКтын төрагасы Аскат Эгембердиев катышты. ЖАКтын басма сөз кызматы кабарлагандай, жакынкы аралыкта казармада жылытуучу откана, кампа, душ, жуунучу бөлмө ишке киргизилип, спорт аянтчасы курулат.

ЖАКтын басма сөз кызматы ошондой эле Талас шаарындагы №39 жатак абагы оңдолуп, шарттары жакшыртылып жатканын, соттолгондор үчүн жаңыланган душ бөлмөсү жана жуунучу бөлмө курулганын маалымдады.

Жаза аткаруу кызматынын карамагында жалпы 26 мекеме бар. Алардын ичинде: 10 жатак абак, алты тергөө изолятору, 10 түрмө бар.

№2 түрмөдө эркинен ажыратылган аялдар, №14 колонияда жашы жете элек балдар кармалат. №19 түрмө өмүр бою соттолгондор үчүн, ал эми №31 абак кургак учук менен ооругандар кармалат, бул түрмө жабык жайлардын борбордук ооруканасы катары эсептелет.

ЖАКтын борбордук стационардык медициналык мекемеси болуп келген №47 колония быйыл толугу менен бузулуп, анда кармалган соттолуучулар жасалган кылмыш категорияларына жана аларды кармоо режимдерине ылайык башка атайын мекемелерге которулган. Анын ордуна көп кабаттуу социалдык турак жай комплекси курулары кабарланган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG