Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ысык-Көл районундагы "Аврора плюс" пансионатынын аймагындагы коттеждердин жана батирлердин соттун чечими менен жеке менчикке берилишин иликтеп жатканын билдирди. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, сот чечиминин натыйжасында мамлекетке 500 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген.
"2010-жылдын 25-майында Убактылуу Өкмөттүн №43 декрети менен 10 га жер улутташтырылып, "Ысык-Көл-Аврора" санаторийинин аймагында жайгашкан, К.Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын жакын чөйрөсүнө таандык 97 даана кыймылсыз мүлк мамлекеттин карамагына өткөн. Бирок кийин бул объектилер үчүнчү инстанциядагы соттордун адилетсиз чечимдери менен мамлекеттин менчигинен чыгарылган. Ошол эле учурда судьялар кызыкдар тараптан пара түрүндө ири өлчөмдөгү акча алышканы аныкталган", - деп жазылган маалыматта.
Атайын кызмат бул ишке Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары аралашып, мүлктү мамлекеттик менчиктен чыгарууга көмөктөшүү үчүн коттеж, батирлерди пара катары алышкан деп белгиледи.
Маалыматка ылайык, "Аврора плюс" пансионатына байланыштуу бул ишке Жогорку соттун мурдагы төрайымы Ф. Д., анын орун басары С. Э., Жогорку соттун судьялары А.Н., О.К. жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун экс-төрагасы К.Ж. карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү ("Коррупция") менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
УКМК бул кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн мурда улутташтырылган мүлктөрүн мамлекетке кайтаруу чаралары көрүлүп жатканын маалымдады.
"Аврора плюс" пансионатындагы баасы кымбат 56 батирдин жана 27 коттеждин жеке менчикке өтүп кеткени боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында бир катар жооптуу кызмат адамдары, соттор кармалганы мурдараак кабарланган.
Иш боюнча “Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов да кармалып, камакка алынган. 10-майда Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарганы коомчулуктун нааразылыгын жараткан. Көп өтпөй Жогорку сот Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен Ширшов үй камагына чыкканын билдирген. (ZKo)
Дагы караңыз
Жапаров: Тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого чогуу жетишебизМектептерге “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы боюнча окуу китептери түштүКыргызстан жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн дүйнөлүк саммитине катышуудаТранспорт көйгөйү: жол кирени көтөрүү сунушталдыБаткен: Жабыркагандардын насыя көйгөйү парламентте көтөрүлдүНоябрда төрт күн катары менен дем алыш болотУКМК "Байрактар" боюнча түшүндүрмө бере элек