Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Ноябрда төрт күн катары менен дем алыш болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл ноябрь айында Кыргызстанда төрт күн катары менен дем алыш болот. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, 5, 6, 7 жана 8-ноябрь эс алуу күндөрү деп аныкталды.

5-6-ноябрь ишемби жана жекшемби, ал эми 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп 2017-жылдан бери белгиленип келе жатат.

«Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө» мыйзамдын максаты – 1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшкө жана трагедиялуу окуяларга, 1917-жылдагы Февраль жана Октябрь революцияларына, Совет доорундагы өнүгүү сабактарына жана мурастарына, XX кылымдагы саясий репрессиялардын кесепеттерине обьективдүү тарыхый баа берүү экени айтылган.

1916-жылы Кыргызстандын эгемендиги үчүн улуттук-боштондук көтөрүлүш кандуу басылган соң орус падышачылыгынын жазалоочу кошуундарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздардын көпчүлүгү Кытай тарапка качууга аргасыз болгон.

Айрым тарыхчылардын айтымында, бул кайгылуу окуялардан улам аймактагы кыргыздардын калк саны дээрлик 40% азайган.

Көпчүлүк тарыхчылар бул каргашалуу окуядан улам бери дегенде 120 миң кыргыз набыт болгонун, башка да казак, дунган, уйгур улутундагы далай көтөрүлүшчүлөр өмүрүнөн ажыраганын белгилешет.

Совет учурунда, өзгөчө 1950-80-жылдары, улуттук боштондук көтөрүлүш жана Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, бул окуяларга объективдүү баа берилген эмес.

2017-жылы «Азаттык» радиосу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган «Үркүн. Кылымдар унуткус кыргын» деп аталган эскерүүлөр топтомун басып чыгарган. (RK)

XS
SM
MD
LG