Мектептерге “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы боюнча окуу китептери түштү

"Дин маданиятынын тарыхы" окуу китеби. Бул предмет 2016-жылы бир нече мектепте пилоттук негизде окутулган.

Кыргызстандын кыргыз тилинде билим берген орто мектептерине 9-класс үчүн "Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагы боюнча кыргызча окуу китептери түштү.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, жалпы 120 миң даана окуу китеби басылып чыгат. Анын 72,5 миңден ашууну кыргыз тилинде басылып чыгып, мектептерге таратылып жатат. Башка тилдердеги китептер учурда басмаканада.

Президент Садыр Жапаровдун 8-июндагы жарлыгына ылайык, “Диндердин өнүгүү тарыхы” сабагы жаңы окуу жылынан баштап базалык окуу планына киргизилген.

Мамлекет башчынын жарлыгындагы талаптар боюнча, бул предметтен сабак берген мугалимдердин диний секталарга жана агымдарга тиешеси жок, жогорку теологиялык билими жана педагогика, психология, окутуу методикасы жаатында квалификациясын жогорулатуудан же кайра даярдоодон өткөнү жөнүндө сертификаты болушу керек.

Быйылкы окуу жылында "Диндердин өнүгүү тарыхы" сабагы 9-класстарга окутулат. Кийинки жылдардан 7-8-класстарга да киргизиле баштайт. Жалпысынан аталган предметти 7-11-класстарга окутуу максат кылынган.

Коргоо кеңешинин дин жаатындагы концепциясына ылайык, 2016-жылы он мектепте "Дин маданиятынын тарыхы" сабагы пилоттук негизде окутула баштаган. 2018-жылы 56 мектепке киргизилген.

Кыргызстанда жалпы 2 миңден ашык мектеп бар.(ZKo)

Дагы караңыз

Баткен: Жабыркагандардын насыя көйгөйү парламентте көтөрүлдүНоябрда төрт күн катары менен дем алыш болотУКМК "Байрактар" боюнча түшүндүрмө бере элекБУУда Орусиянын Украинанын аймактарын “мыйзамсыз аннексиялоосун” айыптадыНАТО Украинага абадан коргонуучу курал берүүгө макул болду