Кыргызстанда 4-октябрдан 10-октябрга чейин 90 адам коронавируска чалдыкканы лабораториялык жактан тастыкталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин басма сөз кызматы билдирди. Аталган мекеменин маалыматына караганда, азыр өлкөнүн бардык аймагы жашыл зонада.
Ушул жылдын 9 айында COVID-19дун 21 миң 502 учуру катталды, анын ичинен 19 миң 495 (90,6%) учур лабораториялык түрдө жана 2007 (9,4%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.
Учурда коронавируска каршы бустердик эмдөөнү күчөтүү үчүн 90 күндүк өнөктүк жүрүп жатат. Бустердик эмдөөнү мындан үч-төрт ай мурда коронавируска каршы вакцина алган жарандардын баары алса болот. Учурда өлкөдө Sinopharm жана Pfizer BioNTech вакциналары жетиштүү.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1,3 миллиондон көп адам толук эмделди. Вакцинанын бир дозасы 1,6 миллиондон ашык адамга сайылды.
Кыргызстанда 2020-жылдын мартынан бери 21 412 адам COVID-19 вирусуна чалдыккан. Үч миңдей бейтап оорудан көз жумган. (КЕ)
Дагы караңыз
Ташиев чек ара боюнча жыйындын жабык өтүшүнүн себебин айттыБишкекте Гейдар Алиев жана Низами Гянжеви атындагы мектептер ачылатАба ырайы: жаан жаабайтЖК комитетинин чек ара боюнча жыйыны депутаттардын нааразылыгын жаратты