Тажикстандын ТИМи Кыргызстандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды

Эрлан Абдылдаев.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаевге бүгүн, 7-октябрда аталган өлкөнүн ТИМи нота тапшырды. Буга Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын 5-октябрдагы билдирүүсү себеп болгонун «Озоди» радиосу жазды.

Маалыматты Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да тастыктап, жакын арада нотага жооп даярдалып жатканын "Азаттык" радиосуна билдирди.

"Тажик тарап Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысынын мындай билдирүүсүн саясий маданият менен жөнөкөй дипломатиялык этиканын жоктугу катары баалайт", - деп жазылган Тажикстандын нааразылык билдирүүсүндө.

Тажикстандын ТИМ өкүлдөрү менен Кыргызстандын Дүйшөнбүдөгү элчиси Абдылдаев "маалыматтык мейкиндикте эки өлкөнүн коомчулугун адашууга алып барчу билдирүүлөргө жол бербөө" тууралуу пикир алышканын "Озоди" радиосу кабарлады.

5-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Чыңгыз Кустебаев Путиндин тажик президенти Эмомали Рахмонду орден менен сыйлаганы тууралуу Фейсбукта пикирин билдирип, "сыйлык "күнөөлүүнү" тапты" деп жазган.

Ага чейин Владимир Путин Эмомали Рахмонду 4-октябрда "Мекенге сиңирген эмгеги үчүн" III даражадагы ордени менен сыйлаган. Путиндин жарлыгында орден "Орусия менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине жана шериктештикке кошкон чоң салымы жана аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыз кылганы үчүн" берилгени жазылган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан ушундай эле күнөөнү Кыргызстанга оодарган.

20-cентябрда Садыр Жапаров Нью-Йоркто Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында сөз сүйлөп, ондогон адамдын өмүрүн алган окуяны "масштабдуу аскердик кагылышуу" деп атап, Тажикстанды "бардык макулдашууларга карабай чабуул жасады" деп айыптаган. Андан көп өтпөй тажик тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин да Башкы ассамблеяда сөз сүйлөп, айыптоолорду четке каккан.

Кыргызстан бул куралдуу кагылыштан 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындаган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (BCh)

Дагы караңыз

АКШ мамкатчысынын жардамчысы Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына кызыктыБишкекте 500 орундуу мектеп ачылдыКыргызстанда 2040-жылы окуучулардын саны 2 миллионго жетери айтылдыПрезидент Жапаров Путин менен телефондон сүйлөштү