Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:46

Бишкекте 500 орундуу мектеп ачылды


Бишкектеги жаңы мектеп.
Бишкектеги жаңы мектеп.

Бишкек шаарында 500 орундуу, үч кабаттуу мектеп имаратынын курулушу аяктап, бүгүн, 7-октябрда пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билбиргендей, окуу корпусу 347 млн. сомго салынды.

Андан тышкары №20 мектеп-гимназиянын ичиндеги техникалык жабдуулар үчүн 13,2 млн. сом жумшалган.

Мектептин жаңы имаратынын ачылышына Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышып, быйыл Бишкек шаарында 15 мектеп, бир бала бакча курулганын билдирди.

"Жаңы конуштарга 5 жаңы мектеп салынды, калган мектептерде жаңы мектептерден кем калышпаган кошумча имараттар курулду. Бизде №75 жана №76 – эки авариялык мектеп болгон, учурда мында жаңы мектептер иштеп жатат", - деди Жапаров.

Бишкек шаарындагы мектептерде 177 миң окуучу билим алууда. Бирок борбор калаадагы 97 мектеп 76 миң гана балага ылайыкташкан.

Быйыл январь айында 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен Бишкекте 15 мектепти куруу пландалып жатканы маалымдалган. Курулуштун баасы жана жаңы мектептердин тизмеси айтылган эмес.

Июль айында билим берүү министри Кыргызстанда мектептердин саны 37ге көбөйүп, 2296дан 2333кө жеткенин маалымдаган. Аларда 1 жарым миллионго жакын окуучу билим алат.

Быйыл Кыргызстанда 160 миңден ашуун окуучу 1-класска барды. Ири шаарларда, айрыкча Ошто, Бишкекте мектептер жетишсиз. Айрым мектептерде балдар бир партага үчтөн отуруп окуганга аргасыз экенин ата-энелер айтып келишет.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 245 мектеп авариялык абалда. Дагы 498 мектеп капиталдык оңдоого муктаж. Мындай мектептерде болжол менен бери дегенде 70 миңдей окуучу билим алууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG