Европа Биримдиги Орусиянын дагы жети компаниясын жана 30 жаранын “кара тизмеге” киргизди. Санкция салынгандардын арасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Элла Памфилова, коргоо министринин орун басары Николай Панков, саясат таануучу Александр Дугин, ырчылар Олег Газманов, Николай Расторгуев баштаган адамдар бар. Бул тууралуу уюмдун журналына жарыяланды.
Анын алдында Евробиримдик Украинага басып киргени үчүн Орусияга салынган санкциялардын сегизинчи пакетин бекитти. Анда мунайды белгиленгенден жогору баага сатып алууга тыюу салынып, өлкөнүн болот продукциясынын, химикаттардын айрым түрлөрүнүн импортуна чектөө киргизилди.
Европалык компаниялар мындан ары Орусияга IT жана юридикалык кызмат көрсөтө албайт, аскердик жана технологиялык, коргонуу жана коопсуздук тармактарынын өнүгүүсүнө салым кошкон товарлардын “кара тизмеси” кеңейтилди.
Өлкөдөн металл продукциясынын, жыгач, кагаз, машина, жабдыктар, тамеки, ж.б. импортуна чектөө узартылат. Украинанын курамындагы Запорожье жана Херсон облустарынын орус аскерлери басып алган жерлеринде өндүрүлгөн товарларды шаркетке алып кирүүгө тыюу салынды.
Жазалоочу чаралар орус Коргоо министрлигинин өкүлдөрүн, Украинанын оккупацияланган аймактарындагы жасалма референдумдарды өткөрүүгө тиешеси бар адамдарды, санкцияларды буйтап өтүүгө катышкандарды бутага алат.
Дагы караңыз
Сатыбалдиев: Ташиев "Ата-Журт-Кыргызстанга" кирген депутаттардын бөлүнүшүн колдодуӨзбекстандын министри "Талибан" өкмөтүнүн студенттердин санын көбөйткөнүн кубаттадыОшто өзбекстандык жарандар зер буюмдар аткезчилигине шектелип кармалды