Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:14

Сатыбалдиев: Ташиев "Ата-Журт-Кыргызстанга" кирген депутаттардын бөлүнүшүн колдоду


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясынын жыйынына катышып, бир мандаттуу округдардан шайланып келген депутаттардын өзүнчө бөлүнүп чыгышын колдогон. Бул тууралуу эл өкүлү Элмурза Сатыбалдиев журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Камчыбек Ташиев фракциянын жыйынына келди. Биз бир мандаттуулар бөлүнөлү деп сунуштадык. Ал туура тапты. Партияны 2007-жылы Камчыбек Ташиев түзгөнү жашыруун эмес. Өзү түптөгөн партиясынын фракциясына, бизге келип катышты. Ошол жерде балдар сунуштады", - деди Сатыбалдиев.

Жогорку Кеңеште буга чейин "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясына кирген, бир мандаттуу округдардан шайланып келген 14 депутат өзүнчө бөлүнүп чыгып, "Мекенчил" деген топко бириккени 6-октябрдагы жыйында айтылган. Топту Элмурза Сатыбалдиев жетектери белгилүү болгон.

Сатыбалдиев депутаттардын бөлүнүп чыгышына аталган фракциянын буга чейинки лидери Нурлан Шакиевдин спикер болуп шайланышы жана ички өзгөрүүлөр негиз болгонун билдирген. Ал эми "Ата-Журт-Кыргызстандын" лидери болуп Бакыт Сыдыков дайындалган.

"Ата-Журт-Кыргызстанга" жалпысынан бир мандаттуу округдардан шайланган 18 депутат кирген. Учурда фракциянын катарында бир мандаттуу округдардан шайланып келген депутаттар Улан Примов, Бакыт Сыдыков, Медербек Саккарев жана Кундузбек Сулайманов калды. Аймактардан шайланып келген 13 депутат буга чейин "Элдик" деген топко бириккен.

Нурлан Шакиев 5-октябрда парламенттин төрагасы болуп шайланды. Ага чейинки спикер Талант Мамытов өз эрки менен кызматын тапшырды. (КЕ/AiB)

XS
SM
MD
LG