Химия боюнча Нобел сыйлыгын америкалык, даниялык окумуштуулар алды

Химия боюнча Нобел сыйлыгынын ээлери, окумуштуулар Каролин Бертоцци, Мортен Мелдал жана Бэрри Шарплесс.

Химия боюнча Нобел сыйлыгын америкалык жана даниялык окумуштуулар алды. Америкалык Каролин Бертоцци, Бэрри Шарплесс жана Даниянын өкүлү Мортен Мелдал молекулярдык, биоортогоналдык химия жаатындагы эмгектери жана молекулаларды жасоо инструменттерин тапканы үчүн абройлуу сыйлыкка татыды.

81 жаштагы Шарплесс 2001-жылы да Нобел сыйлыгынын лауреаты болгон.

Бул аптада сыйлык медицина жана физиология тармагындагы ачылыштар үчүн швециялык биологго, физикадан франциялык, америкалык жана австриялык илимпоздорго ыйгарылды.

Эми адабият жана тынчтык сыйлыгынын лауреаттары аталмакчы. Экономика боюнча жеңүүчү 10-октябрда белгилүү болот.

Сыйлык тапшыруу аземи салт боюнча 10-декабрда Альфред Нобелдин каза болгон күнүндө өтөт.

Дагы караңыз

Мүнхендеги кыргыздар Баткендеги каргашаны айыптаган акция өткөрүштүЧек ара: Баткенде 613 үй зыян тартканы аныкталдыУлуттук банк чек арадагы жаңжалда сактык кассалары талкаланганын билдирдиЧек ара кызматы "Тамдык" чек ара бекети өз көзөмөлүндө экени билдирдиШтутгарттагы кыргыздар тынчтык жүрүшүнө чыгышты