Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Штутгарттагы кыргыздар тынчтык жүрүшүнө чыгышты


Штутгарт шаарындагы тынчтык жүрүшкө чыккан кыргызстандыктар.
Штутгарт шаарындагы тынчтык жүрүшкө чыккан кыргызстандыктар.

Германиянын түштүк-батышында жайгашкан Баден-Вюртемберг федералдык аймагында жашаган кыргызстандыктар Штутгарт шаарында тынчтык жүрүшкө чыгышты. "Данек" коомдук уюмунун демилгеси менен уюштурулган акцияга 60тан ашуун мекендеш катышты.

Алар Баткенде чек арадагы айылдардын талкаланып, ондогон киши набыт кетип, миңдеген тургундардын үй-жайын таштап качууга аргасыз болушуна кошуна өлкөнүн бийлигин күнөөлөштү. Кыргызстандыктар тынчтык каалай турганын белгилеп, курман болгондордун элеси түбөлүк сакталарын айтышты.

"Данек" уюму ошондой эле кыргыз-тажик чек арасынагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга жардам берүү үчүн атайын эсеп ачып, учурда акчалай каражат топтоодо.

Ушундай эле акциялар Германиянын башка шаарларында дагы өттү.

Быйыл 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Чек арадагы бул куралдуу кагылышта Кыргызстан бери дегенде 59 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Чек арадагы кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашты.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 63 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган. Көз каранды эмес булактардан бул маалыматты тактоого мүмкүн болбой жатат.

XS
SM
MD
LG