6-октябрда түнкүсүн Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда жаан, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 16…21;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8°, күндүз 21…23° жылуу болот.
Дагы караңыз
Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайландыЖогорку Кеңештин төрагалыгына Шакиевдин талапкерлиги көрсөтүлдү Укук коргоочулар ЕККУну кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны иликтөөгө чакырдыШакиев: Парламенттин, өкмөттүн ички ынтымагы бекем болушу керек