Журналисттерди коргоо боюнча эл аралык комитет (CPJ) тажикстандык журналист Абдулло Гурбатиге чыккан өкүмдү катуу айыптады. 4-октябрда тажик башкалаасынын Шохмансур райондук соту 26 жаштагы көз карандысыз журналист жана блогерди жети жарым жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кескен.
Сот аны бийлик өкүлүнө акаарат келтирген, милиция кызматкерине күч колдонгон жана экстремисттик уюмга мүчө болгон деген негизде айыптуу деп тапты. Гурбати дооматтарды четке кагууда. Анын адвокаты апелляциялык арыз тапшырарын билдирди.
Эл аралык комитеттин аймактык координатору Гүлноза Саид “өкүм Гурбати кесиптеши Далер Имомали менен иштеген социалдык журналистиканын популярдуулугуна Тажикстан бийлиги канчалык нааразы экенин көргөзгөндөй” деп билдирди. Комитет өлкө бийлигин Гурбати, Имомали жана башка кармалган журналисттер менен блогерлерди дароо бошотууга, көз карандысыз журналисттерди куугунтуктоону токтотууга чакырды.
Акыркы беш айда Тажикстанда жети блогер менен журналист кармалып, экөө абакка кесилген. Дагы бир нече журналист аларга жана үй-бүлөлөрүнө басым кылынганын, чөнтөк телефондорун, ноутбуктарын тартып алган учурлар болгонун, «эскертүүлөрдү» алышканын айтып беришкен.
Гурбати акыркы мезгилде социалдык темалар тууралуу видео материалдарында айрым аткаминерлерди сындап жүргөн.
Дагы караңыз
Министр Кулубаев элчи Жовтенко менен Украинадагы кырдаалды сүйлөштүУкук коргоочулар ЕККУну кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны иликтөөгө чакырдыШакиев: Парламенттин, өкмөттүн ички ынтымагы бекем болушу керекИран Британиянын Тегерандагы элчисине нааразылыгын билдирди