Быйыл сентябрь айында Орусиядан Кыргызстанга 21 мигранттын сөөгү жөнөтүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады.
Август айында элчилик 31 кыргызстандык мигранттын сөөгүн мекенине жеткирүүгө көмөктөшкөн.
Маалыматта элчиликтин көмөгү менен бул айда кыргызстандык мигранттарга 7 млн. 757 150 рубль өлчөмүндө айлык акысы төлөнүп берилгени жазылган.
Элчиликтин жардамы менен кыргызстандык эки жаранды Орусиядан депортациялоо боюча эки сот токтому жокко чыгарылып, миграция мыйзамдарын бузганы үчүн кармалган 19 кыргызстандык бошотулган.
Абак жайларда камакта жаткан 83 кыргызстандык жаран менен сүйлөшүү жүрүп, Орусиядагы кыргызстандык активисттер менен жолугушуулар уюшулганы маалымдалган.
Ушул тапта Орусияда 1 миллиондон ашуун кыргызстандык жаран эмгек миграциясында жүргөнү расмий кабарланган.
Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматына караганда, былтыр Кыргызстанга четтен 540 “Жүк-200” келген, быйыл алгачкы беш айда 292 мигранттын сөөгү мекенине жеткирилди. (ZKo)
Дагы караңыз
Министр Кулубаев элчи Жовтенко менен Украинадагы кырдаалды сүйлөштүВикрам Рузахунов ЕККУну Январь окуясын иликтөөгө көңүл бурууга чакырдыОктябрь окуясы: журтташтардын баасы жана сыныАКШ Украинага дагы 625 миллион долларга аскердик жардам берет Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагалыгын тапшырды (видео)Укук коргоочулар ЕККУну кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны иликтөөгө чакырды