Кыргызстандагы Октябрь окуяларына быйыл эки жыл толду. 2020-жылы бийлик алмашкандан кийин өлкөдө Конституция өзгөртүлүп, президенттик башкаруу формасы кирди. Бул аралыкта чек арада кандуу жаңжалдар чыгып, бир катар саясий окуялар катталды. Кыргыз бийлиги Кумтөр кенин улутташтырып, коррупцияга каршы жигердүү күрөш баштаган. Ала-Тоодогу соңку эки жылдагы өзгөрүүлөрдү чет элде жүргөн мекендештердин көзү менен талдаганга аракет кылдык.
Атайын талкууга АКШнын Чикаго штатында эмгектенген Улан Шоруков, Италиянын Сардиния аралында жашап, иштеген Самара Жумадилова жана Орусиянын Москва шаарында турган, жарандык активист Самат Уранкай катышты. “Журтташтар” түрмөгүнүн алкагындагы талкууну Прага студиясынан Эрнист Нурматов уюштурду.
Мектеп, жол, туруктуулук, Кумтөр жана Конституция
“Азаттык”: Улан мырза, алгачкы суроону сизге жолдогум келип турат. Албетте, 2005-жылкы, 2010-жылкы төңкөрүштөргө салыштырмалуу 2020-жылкы Октябрь окуяларына түрдүүчө баа берилип жүрөт. Айрымдар аны ыңкылап деп, айрымдары башкача аташат. Ошентсе да бийлик алмашты, андан бери эки жыл өттү. Сиз эмнени күттүңүз, күткөңүңүз орундалдыбы?
Улан Шоруков: Менин оюмча эки жыл ичинде өлкөдө жакшы эле иштер аткарылды, азыр да уланып жатат. Тилекке каршы, Баткендеги, чек арадагы эки жаңжал күтүлбөгөн окуялардан болуп калды. Канча адам кайтыш болуп кетти.
Экономикалык жактан алганда, Кумтөр кени мамлекетке өттү. Бул 30 жылдан берки ийгилик десем болот. Жолдор салынып жатат, мектептер курулуп, Коргоо министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигин бир топ техникалар алынганы бизди кубантты. Ушул жагынан алганда Октябрь окуяларынан кийин кызматка келген бийлик элдин үмүтүн актап эле жатат деп ойлойм.
“Азаттык”: Самара айым, кийинки суроо сизге болмокчу. Сизден да ушул эле нерсе жөнүндө сурагым келет. Сиздин оюңузча Октябрь окуяларынын мүдөөсү канчалык аткарылды?
Самара Жумадилова: Менимче 30 жылдан берки жашоо, көйгөй элди ошол Октябрь окуяларындагы нааразылыктарга түрткөн. Ошол учурдагы шайлоонун жыйынтыгы ага себепчи болуп калган. Азыркы президентибиз Садыр Жапаров андагы талаптарды, андагы чакырыктарды, баарын болбосо да чекесинен аткарып жатат деп ойлойм.
Мен мурда Орусияда иштечүмүн, кийин Италияга кеткем. Москвада жүргөн убакта Бишкекке барсам, андагы түзүлгөн шарттар көңүлгө толчу эмес. Бирок алты жылдан бери мына эми борборго барып, жарыктандыруу, жашылдандыруу, тазалык сыяктуу шарттар түзүлгөнүн көрдүм. Жолдор оңдолуп, мектептер салынып, имараттар жаңыланып жатканы да эки жылдын ичинде менимче чоң жетишкендик.
“Азаттык”: Самат мырза, Октябрь окуяларында адилетсиз өткөн парламенттик шайлоого байланыштуу миңдеген адамдар митингге чыгып, анын соңу бийликтин алмашуусуна алып келген. Сиздин оюңузча, так ошол акцияга чыккандардын талаптары аткарылдыбы?
Самат Уранкай: Мен дагы Октябрь окуясын төңкөрүш же революция деп, бир жактуу айта албайм. Ошол окуялар болгон учурда мен Кыргызстанда болчумун. Элдин талабы башка болчу, бирок жыйынтыгы такыр башкача болуп кетти. Балким муну “уурдалган төңкөрүш”, же “максаты өзгөргөн төңкөрүш” деп атасак болор. Эл шайлоонун калыс өтпөгүнө каршы чыгып, соңунда Садыр Жапаровго келип токтогон.
“Ошол учурдагы элдин талабы аткарылып жатабы?” деген суроого жообум талкуунун башка катышуучуларынан айырмаланат окшойт. Анткени азыркы бийлик кызматка келип жаткан учурда чоң-чоң убадаларды берген. “Өлкөнүн өнүкпөй жатканынын биринчи себеби Конституция, биз аны өзгөртөбүз” деп айтышкан. Туруктуулук жок болуп жатат, эч ким жоопкерчилик албай жатат дешкен. Айткандай эле, Конституция өзгөрдү, бирок аны менен туруктуулук келип калган жок. Мурда министрлер бир-эки жылда алмашса, азыр алты айга жетпей алмашып жатат.
Конституция бир жактуу болуп калганы үчүн ал тургай президент баш болуп аны бузуп жатат. Мисалы, Баш мыйзамга ылайык президент баш прокурорду убактылуу болсо да кызматтан ала алмак эмес, бирок кызматынан жылдырып койду. Же ошол эле Конституцияда көрсөтүлгөндөй парламенттин мыйзамы жок эле Курултайды өзүнүн бир эле жарлыгы менен чакырып жатат. Демек, Конституция өзгөрсө өнүгүп кетебиз деген убадасы азырынча аткарыла элек дегенди түшүндүрөт.
Экинчи убадасы - Кумтөрдү элге алуу болчу. Аны алып койдук дешкени менен кандай жол менен алдык? Көп нерсе бүдөмүк, киреше-чыгашалар элге ачык айтылбай жатат. Биз тартып албай эле, канадалыктар кутулуп чыгып кеткенине сүйүнүп жаткан жокпу деген да ой келип жатат.
Дагы бир нерсе, азыркы бийлик күн-түн иштеп, миңдеген мигранттарды жарым жылга жетип жетпей кайтарабыз дешкен эле. Жарым жылдан төртөө өттү, андай маанай байкалган жок. Барса мигранттардын сөөгү барып аткандыр, жумушсуз калып барып жатышкандыр, бирок иш таап кайтып жатышкан жок. Бул жагынан дагы айтылган иштер аткарыла элек. Ал эми мектеп, жолдор салынып жатканы ал мамлекеттин милдети, ал мурдатан эле салынып келет.
Министрлер, коррупция жана жоопкерчилик
“Азаттык”: Улан мырза, кайра сизге келели. Октябрдагы элдик толкундоолордон кийин бийликке келген Садыр Жапаров Конституциялык реформаны демилгелеп, президенттик башкарууга өтүүнү сунуштаган. Анан шайлоонун жыйынтыгында жеңишке жетти. Натыйжада башкаруу системасы өзгөрүп, аткаруу бийлиги бир адамдын колуна өттү. Бирок эмне үчүн мамлекеттик кызматтар дале туруктуу иштей албай жатат?
Улан Шоруков: Менимче бул жерде айтканга оңой болгону менен, иш жүзүндө аябай эле оор болуш керек. 30 жылдан бери келаткан системаны тез арада өзгөртүү оңой эмес.
Министрлер бат-баттан алмашып жатат деп атпайбызбы, эмне антип жатат, анткени ишти жакшы алып бара албай жатккандыгында. Кайсы бир жерде аракет кылып жатканы менен жалпы жыйынтык бербей калып жатышат. Ошондуктан аларды ыкчам-ыкчам алмаштырып жатат болуш керек деп ойлойм.
Кумтөр боюнча Самат мырза “бүдөмүк болуп жатат” деп айтып кетпедиби. Менимче мында аябай чоң иштер аткарылды. Ал азырынча жарыяланбай, сыр бойдон туруш керек го ойлойм. Бирок бара-бара, кийинчерээк киреше-чыгашаларды толук ачыкка чыгарышса керек.
Ал эми “жумуш орундары эмне үчүн түзүлбөй жатат?” деген суроого бир-эки жылда эле иш орундарын түзүп салуу мүмкүн эмес деп ойлойм. Себеби, азыр жыл сайын тышкы карыз 25-30 млрд сомдон төлөнүп жатат. Айлык, маяна, пенсиялар көтөрүлүп жатат. Биринчиден, ушунун баарын Кумтөрдүн кирешесинен жасап жатат. Бирок аны андан ашыкча нерселерге жумшап, кошумча иш орундарын түзүп жиберүүгө жетпей турат го дейм. Көч бара-бара түзөлөт, бийликтин азыркы жолу мындан ары оңолуп кетет деп күтүп туралы. Колубуздан келсе жардам кылалы.
“Азаттык”: Самара айым, мурда биз өкмөт тез-тез алмашат деп сын тагып келчүбүз. Бирок Октябрь окуяларынан бери деле Министрлер кабинетинин эки жетекчиси алмашты, министрлер же башка кызматтагы адамдар да абдан бат кетип кетип жатат. Ушул күндөрү элетөрт министр удаа кызматтан алынды. Бул сырттагы кыргызстандыктарга кандай көрүнөт?
Самара Жумадилова: Менин көз карашымда, бул жерде чирип калган, мурдатан түптөлүп калган системанын калдыктары дале өз кесепетин берип жатат. Мурдагы нерселердин жугу кетпей, жугу үзүлбөй жатат. Министрлер мурдагыдай эле билгенин кылып, анан президент Садыр Жапаров койгон программанын үстүндө кетпей коюп жатышат. Ал койгон талаптар аткарылбай калууда, ошону үчүн министрлерди кызматтан алып коюуда.
“Азаттык”: Бирок ошол министрлерди президент Садыр Жапаров өзү койгон да?!
Самара Жумадилова: Туура, өзү койгон. Бирок аларды “мен койгон программа менен иштеп берет” деп, ишенип дайындаган да. Тигилер кызматка баргандан кийин алкымын тыя албай, көнгөн адаттарын карматып жиберип жатат. Жакында эле бир нече министр кармалбадыбы, бул да ошонун далили. Анан президенттин үмүтүн актабаса, тескери жолго барса, алат да кызматтан.
Мына азыр жалпы эле коррупцияны жоюунун үстүнөн да иштеп жатышпайбы, катуу күрөш болуп жатат. Азыр эми көбү камалып, чара көрүлгөндөн кийин аткаминерлер коррупцияга баруудан тайсалдап калышты. Албетте, коррупцияны түп тамыры менен жулуп салуу мүмкүн эмес, бирок бара-бара аны жойсо болот.
“Азаттык”: Коррупция демекчи, Садыр Жапаровдун элге берген бир убадасы – коррупцияга каршы аёосуз күрөш болчу. Бул иш кандай жүрүп жатат, Самат мырза сиз сырттан кандай баа бересиз?
Самат Уранкай: Азыркы бийликтин шайлоо алдындагы убадаларынын баары мөөнөттөрү менен айтылган. Ошол эле тышкы карызды төрт жылда кутулабыз деп айтканын мен азыр видеолордон кайрадан көрүп чыктым. Бирок кызматка келгенден кийин “30 жылда баары ирип-чирип калыптыр” деп чыкты. Болбосо биз дагы, бийликке бараткандар өздөрү дагы түшүнгөн, бул кыска мөөнөттө аткарылбай турганын. Бирок ошону билип туруп, карапайым калктын аң-сезимине ойношкон.
Садыр Жапаров ошол эле коррупцияны “чиеленишип кетиптир, түп-тамыры менен жоёбуз” деп айтканы бар. Бирок аны менен азыр кандай күрөшүп жатат? Мен билгенден жакында эле кандайдыр бир жол менен тапкан байлыгын, мүлкүн легалдаштыруу боюнча мыйзамды үчүнчү окууга жөнөттү. Муну менен алар коррупцияны адалдаштырып коёлу деп жатат. Бул деген сөз акчаны кандай жол менен тапсаң да боло берет, аны кийин легалдаштырып, мыйзамдаштырып алсаң болот дегенге алып келип коюп жатат.
Бийлик башында эле “кустуризация” деген өнөктүктүн алкагында ондогон кишилерди кармап, бирткеден акчасын төктүрүшкөн. Ошону менен канчалаган коррупцияга барган кишилерди кайра коё берип жиберишти. Цивилизациялык өлкөлөрдө мындай нерселер жосунсуз ыкма деп саналат. Андан ал акчанын канчасы сол чөнтөккө кетти, оң чөнтөккө түшкөнү кайда кетти, анысы да белгисиз.
Айтор, коррупция менен күрөшүү мыйзамдын талаасынан сыртта жүрүп жаткандай. Эгер күрөшүү бар болсо. Маселен, ошол эле министрлер коррупцияга барса, аны койгон киши да жооп бериши керек болчу да. Бир киши жоопкерчилик алат дешпеди беле? Кана жоопкерчилик алганы?!
Активисттерди кармоо, саясий куугунтук жана сөз эркиндиги
“Азаттык”: Самат мырза, өзүңүзгө аралжы. Коррупцияга, же паракорчулукка айыпталып кармалгандар өзүнчө, бирок ошол эле маалда бийликти сынга алган саясатчылардын, активисттердин камакка алынышына эмне дейсиздер? Баарыңыздарга бирдей суроо.
Самат Уранкай: Бул дагы чоң көйгөй болуп жатат. Президентибиз ант берүү учурунда, кийинки интервьюларында да бир нече жолу айтканы бар. “Мен саясий куугунтук кандай болорун көрдүм, мындан кийин андай болбойт” деп ачык кеп кылган. Бирок ага карабай куугунтук өтө майдаланып кетти. 19 жаштагы студентти сын сөзү үчүн камады, активисттердин бирөөнү соттошту, ал мөөнөтү бүтүп чыкты.
Мурда да саясий куугунтук чоң-чоң саясатчыларга, таасирлүү фигураларга жасалып, анан аны кандайдыр бир шылтоолор менен акташып, ынана турган далил издеп убара болушчу экен. Азыр пост, комментарий, твит үчүн куугунтуктап жатышат. Мунун баары абдан иренжите турган көрүнүш.
Улан Шоруков: Менин оюмча, тескерисинче сын айткандар дагы майдаланып кетти окшойт. Сын керек, бирок кээде жүйөлүү болбой калып жатат. Экс-президенттер Атамбаевдин, Жээнбековдун убагында Фейсбукта комментарий жазганы үчүн эле катаал режимдерге камап жибергендерин окугам.
Азыр маселен Temirov Live каналынын ээси, журналист Болот Темировго байланыштуу териштирүү болуп, сотто акталды. Эгерде бул жерде бийлик мурдагы бийликтердин тушундагыдай куугунтук кылганда, Болот мырза соттолмок. Азыр ал акталып, ишин улантып жатат.
Башка куугунтук болду деп айтылып жаткан активисттерге да менимче алардын аракеттерине жараша болуп жатат окшойт. Бизде бирөө “беш өрдөк учуптур” десе, башкасы “он өрдөк учуптур” деп көбүртүп коюп жатпайбызбы. Кичине анализ кылышыбыз керек да. Оор кырдаалда бюджетти көбөйтүп, айлык акыларды көтөрүп жатканын да көрө билишибиз керек. Мына темир жол жана башка долбоорлорду баштаганы жатат.
Самара Жумадилова: Азыр бизде эмне көп, блогер көп болуп калды. Көпчүлүк блогерлерибиз интернетте бир маалымат алып алып эле, өздөрү сөз кошуп, туура эмес нерселерди айтып жиберип жатышат. Оппозиция болуп, бирөөнүн сөзүн коштоп, бийликти туура эмес сындагандары да бар. Ошондуктан мен аларды жайнатып эле сүйлөтө бербей, сурак кылып, жоопко тартып турганын туура көрөм.
Сүйлөйт десе эле бийликке акыл үйрөтүп жибергендер көбөйүп кетти. Аларды аз-маз тизгиндеп, коюп туруш керек. Эгер туура эмес нерсени айтышса, алар сүйлөгөн сөзүнө, жазган постуна да жооп берсин. Болбосо баары башаламан болуп кетти.
Самат Уранкай: Мен да оюмду кошо кетейин. Блогерлер, бийликти сындагандар сөзүнө жооп бериш керек дегенге кошулам. Адамдын кадыр- баркына доо кетиришсе, жеке инсандык сапатын сынга алышса, бул туура эмес.
Бирок таптакыр эле сындабай, унчукпай койбош керек. Жарандык коом деген күчтүү болуш керек. Бийликти кайсы бир нерселери туура эмес экенине көзү жетип жатса, сөзсүз айтыш керек. Биз ошону үчүн “демократия аралчасы” деген атты алганбыз. Кыргыздар биз ошону үчүн кул болгон эмеспиз. Кудайдан башкага тизе бүгүп, кулдук урган эмеспиз.
Жапаровдордон экөө эмес, бешөө болсо деле, эл ачыгын айтып, коңшу өлкөлөргө караганда президенттерди улам-улам алмаштырып келебиз. Ошол сөз эркиндигибиз менен биз коңшулардан өзгөчөлөнө алабыз. Бардык кыргызды колу-бутун тушап, тилин жулуп коюу мүмкүн эмес. Менин оюмча азыркы камоолор, саясий куугунтуктар, блогерлерди тыюу, тээтиги Кокон хандыгынын тушундагыдай бардыгын башын ийип жүрүүсүн талап кылуу акылга сыйбаган иш.