Викрам Рузахунов ЕККУну Январь окуясын иликтөөгө көңүл бурууга чакырды

Викрам Рузахунов Варшавада. 5-октябрь, 2022-жыл.

Варшавада кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ) адам укуктары боюнча жылдык жыйынында эл аралык укук коргоо уюмдарын Казакстандагы Январь окуяларына, анын иликтенишине көңүл бурууга чакырды.

Быйыл январдын башында Рузахунов Алматыда жок жерден кармалып, кыйноого кабылганын, бул үчүн бүгүнкү күнгө чейин коңшу өлкөдө эч ким жоопко тартылбаганын жана казак бийлиги кечирим сурабаганын айтты:

"Мен Кыргызстандын жарандык коомунун жардамы менен бошотулгандан кийин бардык айыптоолор алынды. Мен террорчу жана бүлгүнчү катары көрсөтүүгө аракет кылышкан биринчи чет элдик жаран болдум. Сегиз ай убакыт өтсө да менин ишим боюнча эч ким кармалып, жоопко тартылган жок. Карапайым казак жарандарынан башка расмий бийлик кечирим сураган жок. Бул окуяга эл аралык деңгээлде баа берилбесе, тарых кайталанышы мүмкүн", - деди Рузахунов.


ЕККУнун адам укуктарына арналган жылдык жыйынына Кыргызстандан бир катар укук коргоочу уюмдар катышууда.

Рузахунов жабырлануучу катары сентябрь айынын соңунда Алматыга барып көрсөтмө берген. Ал Инстаграмдагы баракчасына Коррупцияга каршы күрөшүү кызматына барып сурак бергенин, аны полиция жана аскер кызматкерлери кыйнаган жерлерди көрсөтүп, ур-токмокко кабылган окуяны баштан-аяк баяндаганын жазган.

Быйыл январда Алматыда Рузахуновдун кармалып, катуу токмоктолгон видеосу Кыргызстанда чоң резонанс жаратып, кийин камактан бошотулган. Бишкекке келгенден кийин музыкант Казакстанда кыйноого кабылганын айтып чыккан. Дарыгерлер анын кабыргалары сынып, денесинен оор жараат алганын тастыкташкан.

Июль айында Казакстандын Башкы прокуратурасы Рузахуновду Алматыга чакырган. Алматы облустук коррупцияга каршы департаменти Кылмыш кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык ("Адамдар тобу тарабынан жасалган кыйноо") кыйноо фактысы боюнча укук коргоо органдарынын азырынча аныктала элек кызматкерлерине карата сотко чейинки өндүрүш ишин баштаганы белгилүү болгон. (ZKo)

Дагы караңыз

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагалыгын тапшырды (видео)Укук коргоочулар ЕККУну кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны иликтөөгө чакырдыОктябрь окуясына эки жыл: Үмүт жана убадаЧек арадагы куралдуу кол салууда мерт болгондордун саны 63кө жетти