Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:51

Чек арадагы куралдуу кол салууда мерт болгондордун саны 63кө жетти


Соңку куралдуу кол салууда жүздөгөгн турак жай, имарат, өрттөлүп, талкаланган.
Соңку куралдуу кол салууда жүздөгөгн турак жай, имарат, өрттөлүп, талкаланган.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда мерт болгондордун саны 63кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Аталган мекеме чек ара жаңжалында ажал тапкандардын тизмесин расмий жарыялай элек. Соңку чек арадагы кагылышта 206 адам жараат алган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Расмий маалыматка ылайык, Баткен жана Лейлек райондорунда жалпы 622 үй жабыркаган болсо, анын 427си жашоого жараксыз, 195и оңдоп-түзөөгө муктаж экени аныкталды. Ошондой эле 11 административдик объектилер, 8 мектеп, 7 бала бакча, 3 ФАП, 323 сарай, 197 жашоо-тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

XS
SM
MD
LG