Коронавируска каршы эмдөөнү күчөтүү өнөктүгү башталды

Иллюстарциялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоо күчөй баштаган маалга карата коронавируска каршы бустердик эмдөөнү күчөтүү үчүн 90 күндүк өнөктүк жарыялады. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Штабдын билдиришинче, бустердик эмдөөнү мындан 3-4 ай мурун коронавируска каршы вакцина алган жарандардын баары ала алат. Учурда өлкөдө Sinopharm жана Pfizer BioNTech вакциналары жетиштүү.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 1,3 миллиондон көп адам толук эмделди. Вакцинанын бир дозасы 1,6 миллиондон ашык адамга сайылды.

Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери Кыргызстанда вирустан үч миңдей бейтап көз жумду.

Дагы караңыз

Илон Масктын Украинада тынчтык орнотуу сунушу талкуу жараттыГросси: Запорожье АЭСинин башчысы туткундан бошотулду Европа аннексия аракетинен улам Москвага дипломатиялык басым көргөзүүдөКулубаев менен Зась кыргыз-тажик чек арасындагы абалды талкууладыЭл аралык өнүктүрүү ассоциациясы эмгек базарын колдоо үчүн 30 млн. доллар насыя берет