Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:15

Гросси: Запорожье АЭСинин башчысы туткундан бошотулду


Игорь Мурашов.
Игорь Мурашов.

Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэль Гросс Запорожье атомдук электр станциясынын (АЭС) жетекчиси Игорь Мурашов Орусиянын туткунунан бошотулганын билдирди. Ал бул тууралуу Твиттердеги баракчасына жазып, анын бошотулганын кубаттады.

Украинанын “Энергоатом” мамлекеттик компаниясы Мурашов тууралуу маалыматты бышыктады жана анын эркиндикке чыгышы негизинен МАГАТЭнин башчысынын аракети менен ишке ашканын белгиледи.

Украинанын энергетика министри Герман Галущенко Мурашов тууралуу комментарий бери жатып, "МАГАТЭ Орусиянын АЭСтеги “баскынчылыгына” баа бериши керектигин" айтты.

Запорожье АЭСинин башчысын ишембиде, 1-октябрда орусиялык күчтөр белгисиз тарапка алып кеткени белгилүү болгон.

Москва Мурашовдун туткунга алынышы, дооматтар тууралуу комментарий бере элек.

Запорожье АЭСи орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Аны украин кызматкерлери иштетип жатат. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы айларда бир нече жолу аткыланып, кооптуу жагдайлар жаралган. Бул үчүн Киев менен Москва бири-бирин айыптап келет.

XS
SM
MD
LG