Швециялык биолог Сванте Паабо Нобел сыйлыгын алды

Сванте Паабо.

Стокголмдо Нобель сыйлыгынын быйылкы лауреаттары атала баштады. 3-октябрда медицина жана физиология тармагындагы сыйлык швециялык биолог Сванте Паабого адамдын эволюциясынын генетикалык негиздемесин ачканы үчүн ыйгарылды.

Палеогенетиканын түптөөчүлөрүнүн бири катары белгилүү окумуштуу 1984-жылы европалык музейлердеги мумияларды изилдей баштаган. Бир жылдан кийин алардан генетикалык материал алууга жетишкен. 2006-жылы Паабо неандерталдардын геномун чечмелөөгө киришкен. 2010-жылы анын жетектөөсүндөгү топ мурда белгисиз гоминиддин түрүн тапкан.

2016-жылы жарык көргөн эмгекте дүйнө жүзүндөгү дээрлик 2000 адамдын геномунун салыштырма анализинин негизинде неандерталдар менен хомо сапиенстин (Homo sapiens) ар кандай топторунун ортосундагы кан аралашуунун кеминде үч эпизоду тууралуу айтылган.

Былтыр бул тармактагы сыйлыкка америкалык Дэвид Жулиус жана Ардем Патапутян арзыган.

Жума аягына чейин физика, химия, адабият боюнча жеңүүчүлөр белгилүү болмокчу. Ал эми тынчтык сыйлыгынын лауреаты Ослодо 7-октябрда жарыяланат.

Дагы караңыз

Чек ара жаңжалында жабыркаган ишкерлерге жеңилдик берилетНарында алты тоо теке атылганы белгилүү болду УКМК милиция кызматкери чет элдик жарандан пара алууга шектелип кармалганын билдирди Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдар кантип курчуган?