Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети диний-экстремисттик жана террористтик аракеттерге каршы жүргүзүлүп жаткан иштеринин алкагында “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний-экстремисттик уюмунун жети мүчөсү кармалганын маалымдады.
Мекеменин басма сөз кызматы кармалган адамдардын жашаган жерин тинтүү учурунда диний мүнөздөгү маалыматтарды камтыган түрдүү электрондук адабияттар жана брошюралар табылганын билдирди. Экспертизанын жыйынтыгында бул адабияттарда Кыргызстанда тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” уюмунун идеологиясынын жана ишмердүүлүгүнүн белгилери бар экени тастыкталган.
УКМКнын маалыматында тергөө учурунда кылмыш ишинин айрым айыпталуучулары күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, диний-экстремисттик аракеттерге катышканына өкүнүчүн билдиргени, айрымдарынын иши сотко ашырылганы жазылган.
Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда эл аралык 20 экстремисттик-террордук уюм жана бир секта бар. Кыргызстан аларды деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик деп таап, өлкө аймагында ишмердигине тыюу салган. Алардын катарында "Хизб ут-Тахрир", "Йакын Инкар" жана башка уюмдар бар.(ZKo)
Дагы караңыз
Матрезерв: өлкөдө 2 миллиондон ашык тонна күйүүчү майдын запасы бар ЖК комитети азык-түлүк баасын жөнгө салууда министрликтердин ишин сындады Рысбай Исаков: Негизсиз сындар көңүлүмдү ооруттуIV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстан 58 медал уттуЧек ара жаңжалында жабыркаган ишкерлерге жеңилдик берилет