Орусиялык ырчы Борис Моисеев 68 жашында көз жумду. Анын өлүмүнө эмне себеп болгону белгисиз. Mash Телеграм-каналы ырчы жакында эле инсульт болгонун жазды.
Моисеев он жыл мурда да инсульт алып, сол ыптасы жакшы кыймылдабай калган. Мындан улам ал акыркы жылдары сахнага чыкпай жүргөн.
Ал 1954-жылы Беларустун Могилев шаарында төрөлгөн. Апасы саясий мүдөөдөн улам камалып кеткен. Мектептен кийин хореографиялык орто окуу жайды аяктаган. Кийин ар кандай бий топторунда иштеп жүрүп, 90-жылдары жеке чыгармачылык карьерасына киришкен.
Борис Моисеев - Орусиянын эмгек сиңирген ырчысы, бир катар музыкалык сыйлыктардын лауреаты.
Дагы караңыз
ЕБ Украинадагы жасалма референдумдан улам санкция салууну караштырууда"Азаттыктын" кабарчысы туризм боюнча сынакта жеңүүчү болдуТокаев эмиграцияга байланыштуу Орусия менен сүйлөшө турганын айтты Активист Ырыс Жекшеналиевдин ден соолугуна байланыштуу кошумча анализ дайындалды