Кыргызстанда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду уюштурган "Кыргызстан - сүйүктүү өлкөм" сынагында "Азаттыктын" кабарчысы Мирлан Кадыров жеңүүчүлөрдүн бири болду. Анын "Көөнө табериктер сакталган Кошой-Коргон" деген аталыштагы эмгеги эң мыкты видеосюжет деп табылды.
Тасманы бул жерден көрүңүз:
Аталган фонд жеңүүчүлөрдүн тизмесин 27-сентябрь - Дүйнөлүк туризм күнүндө жарыялады. Сыйлоо аземи 3-октябрда өтө турганы маалымдалды.
Сынакты уткандар фото, видео, блог жана башка сегиз багытта аныкталды.