Султанбаев Сулаймановдун реформа жөнүндөгү дооматына жооп берди

Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп ушул жылдын февраль айында дайындалган.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчынын Ысык-Көл облусундагы өкүлү кызматын тапшырган Алтынбек Сулаймановдун реформа тууралуу дооматына жооп берди.

"Алтынбек Сулайманов айткандай, аймактык реформа бир заматта эле боло калбайт. Бир жылдан бери долбоору даярдалып жатат. Адистерден турган топ иштеп жатат. Даяр болору менен реформа башталат. Президенттин администрациясы кол куушуруп отурган жок. Алгач тажрыйба иретинде бир аймакта сыналат. Андан кийин ошого жараша калган аймактарда иш жүрөт. Көз ачып жумганча эле жасай салгыдай, бул оюнчук иш эмес. Аймактык реформанын долбоорун иштеп чыгуу көптөгөн жылдарды талап кылат. Өтө кылдат иштелип чыгууда. Популисттик кылып реформа жасап атабыз деп эле бышпаган нерсени жасай салсак, мамлекеттик түзүлүштү талкалап алышыбыз мүмкүн",-деп жазды Эрбол Султанбаев Фейсбуктагы баракчасына.

Ал Сулаймановго байланыштуу президент кандай чечим кабыл алганын тактаган жок.

Мунун алдында Алтынбек Сулайманов кызматтан кеткенин жарыялап, жергиликтүү башкаруу системасы реформа болмоюнча өнүгүү жоктугуна көзү жеткенин, мындан улам убакытты текке кетирбөөнү чечкенин билдирген.

"Жергиликтүү бийликтин ишин жон терим менен сезип, ичинен көрдүм. Жергиликтүү бийликте бүгүнкүдөй башкаруу болуп турганда элетте эч кандай өнүгүү болбосуна көзүм жетти. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлиги олуттуу реформага муктаж. Борбордук башкарууну децентрализациялоо керек. Мен саясатчы, сөзүнө бек турган инсан катары ар бир баштаган ишимди аягына чыгарууга аракеттенип келем. Мындай жергиликтүү башкаруу системасы иштеп турганда аракеттерим текке кетерине көзүм жетти. Ошондуктан мен Ысык-Көл элинин да, өзүмдүн да убактымды кетирбей, өз каалоом менен кызматымды тапшырууну чечтим",- деди саясатчы.

Сулайманов бул кызматка быйыл 24-февралда дайындалган. Президенттин басма сөз кызматы мамлекет башчысы Садыр Жапаров анын алдына аймактын туристтик дараметин эске алуу менен анын мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча бир катар конкреттүү тапшырмаларды койгонун маалымдаган.

49 жаштагы Алтынбек Сулайманов Ноокат районунда туулган. Саясатка чейин "Темир" мамлекеттик ишканасынын түштүктөгү бөлүмүндө иштеген. 2007-жылы бийликчил “Ак жол” партиясынан депутат болгон. 2010-жылы Апрель ыңкылабынан соң “Республика” партиясына кирип, кайрадан парламентке барган. 2015-жылы өзү түптөгөн "Бир Бол" партиясын, 2021-жылы “Альянс” партиясын жетектеп, Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.

Соңку жылдары ал шайлоо системасын өркүндөтүү, парламенттик башкарууну бекемдөө боюнча бир катар демилгелер менен чыккан.

Дагы караңыз

ТИМ Тажикстанды "тескери маалыматтык өнөктүк жүргүзүүдө" деп сындадыБДК Камчыбек Ташиевди кызматтан алууну талап кылды Кайымов: Мамытов ишин өткөн аптада убактылуу өткөрүп берип, кайра келгенТүркияда төрт күндөн бери "Манас жумалыгы" өтүп жатат Украинанын аймактарында жасалма референдумдун акыркы күнү өтүп жататАлтынбек Сулайманов кызматын тапшырганын билдирди