Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:04

Кайымов: Мамытов ишин өткөн аптада убактылуу өткөрүп берип, кайра келген


Талант Мамытов.
Талант Мамытов.

Жогорку Кеңештин басма сөз катчысы Эркин Кайымов спикер Талант Мамытов өткөн аптада кызматын убактылуу өткөрүп бергенин, бул аптадан тартып кайра ишке кайтканын "Азаттыкка" билдирди.

Мунун алдында социалдык тармактарда Мамытов ишин убактылуу өткөрүп бергени, ошол маалда Баткенде болгону тууралуу маалыматтар чыккан.

Жогорку Кеңеш 22-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кол салууну жабык караган. Парламенттеги айрым булактардын билдиришинче, анда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадан улам сын айткандарды Баткенге барууга чакырган жана жыйында кайым айтышуу да орун алган. Талант Мамытов кызматын вице-спикер Жамиля Исаевага убактылуу өткөрүп берерин ошол жерде билдирген. Спикер буга байланыштуу өзү азырынча комментарий бере элек.

Ошол жыйындан кийин Мамытов баштаган бир топ депутат Баткенге жөнөп кеткен.

14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү да ушундай эле айып койгон.

25-сентябрда эки өлкөнүн атайын кызмат башчылары жетишкен келишимге ылайык, Бишкек менен Дүйшөмбү кыргыз-тажик чек арасында төрттөн (жалпы сегиз) постту алууга макулдашты.

Кыргызстан кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Кыргыз айылдарынан коопсуз жайларга убактылуу көчүрүлгөндөр 140 миңден ашып, алардын көбү айылдарына кайта баштады.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирген. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 74 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазган.

Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда.

XS
SM
MD
LG