Равшанбек Сабиров өз каалоосу менен кызматынан бошотулду

Равшанбек Сабиров.

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү бүгүн, 26-сентябрда тараткан маалыматта Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчиси Равшанбек Сабиров өз арызынын негизинде кызматынан бошотулганы кабарланды. Расмий маалыматта президенттин жарлыгы менен бул кызматка Умбриэль Темиралиев дайындалганы айтылды.

Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттикти Сабиров быйыл 11-марттан баштап жетектеген. Анын кызматтан кетишинин себеби ачык айтыла элек.

Сабиров 2010-жылы “Ата Мекен” партиясынан парламентке депутат болуп шайланган. Көп өтпөй бул партиянын сунушу менен социалдык өнүктүрүү министри болгон. Бирок 2012-жылы Сабиров чет өлкөгө бала асыроого уруксат берүүдөгү коррупцияга шек саналып камакка алынган. Сот аны беш жылга кесип, абакта эки жыл жазасын өтөгөн соң мунапыс менен эркиндикке чыккан.

2020-жылы октябрдагы толкундоолордо Садыр Жапаровдун командасы менен бирге бийликке келген Равшан Сабировдун соттуулугу жоюлуп, президенттин кеңешчиси жана вице-премьер-министр кызматтарын аркалаган. Ал президенттин кеңешчиси болуп турганда Ысык-Көлдүн жээгине курулары айтылган "Асман" шаары боюнча иш алып барган

2021-жылы 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Ата Журт-Кыргызстан” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттик 2017-жылы түзүлгөн. 2021-жылы май айында агенттик Инвестициялар министрлиги болуп өзгөртүлүп, 2021-жылдын октябрь айынан кийин кайрадан агенттик болуп калган.

Жаңы түзүлгөн президентке караштуу Инвестициялар боюнча агенттикке улуттук деген макам берилген. (ZKo)

Дагы караңыз

Бишкектен Баткенге жарым миллион сомдон ашык акчалай жардам жиберилдиУКМК кыргыз-тажик чек арасындагы алына турган бекеттер боюнча түшүндүрмө бердиМобилизация: каршылар, кармалгандар жана качкандар Викрам Рузахунов Алматыга тергөөгө чакырылдыАКШ Орусияга өзөктүк куралдын кесепети оор болорун эскерттиТашиев Баткенде эвакуация болгондор үйлөрүнө кайтса болорун айтты Дүйнөлүк банк суу каптоодон жапа чеккен Пакистанга 2 млрд. доллар бөлөтГермания Сауд Арабия менен энергетикалык өнөктөштүктү тереңдеткиси келет