Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:12

Бишкектен Баткенге жарым миллион сомдон ашык акчалай жардам жиберилди


16-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалда Баткен районунун Достук айылы дээрлик толук кыйраган.
16-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалда Баткен районунун Достук айылы дээрлик толук кыйраган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган кыргызстандыктарга борбор калаа тургундары тарабынан 26-сентябрга карата жалпы 552 563 сом чогултулуп, жиберилди. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматта акчалай каражаттан сырткары 12 357 кг ун, 49 311 кг шекер, 3095 литр өсүмдүк майы жана башка азык-түлүк, гигиеналык жана медициналык каражаттар, дары-дармек, кийим-кече жөнөтүлгөнү айтылды.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган атайын эсепке 250 млн. сомго чукул каражат чогулган.

Куралдуу жаңжалда чек ара аймагындагы 613 үй, административдик-стратегиялык маанидеги тогуз, социалдык маанидеги 15 объект, 323 сарай, 171 чарбалык курулуштар, бир автоунаа өтчү көпүрө жана 26 автоунаа зыянга учураган. Жарандык коргонуунун жергиликтүү комиссиялары чек арадагы кол салуудан улам Баткен облусуна келтирилген чыгымды эсептөөнү улантууда.

16-17-сентябрдагы чек арада кан төгүлгөн окуяны Кыргызстан "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп айыптады. Тажикстан күнөөнү Кыргызстанга оодарды.

Кыргыз бийлиги кол салуудан бери дегенде 62 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады, алардын 13ү балдар, 14ү аялдар.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын билдирди, "Озоди" радиосу 74 кишинин тизмесин жарыялады. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактардан тактоо мүмкүн эмес болууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG